БЕКБОЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕКБОЕВ Аскарбек Абдыкадырович (16. 1. 1956-ж. т., Ысыккөл обл., Аксуу р-ну, Керегеташ кыш.) – философия илимд. доктору (2002), проф. (2003). 1978-ж. КМУнун филология ф-тин бүтүргөн. 1978– 80-ж. Философия ж-а укук ин-тунда улук ил. кызматкер, окумуштуу катчы, бөлүм башчы, 1995–2002-ж. БГУнун биринчи проректору, 2002–05-ж. И. Арабаев атн. Пед. ун-тинин философия кафедрасынын башчысы, 2005-жылдан ректору. Б. 150дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 10 монографиянын автору.

Анын ил. эмгектери негизинен диалектикалык логиканын негизги формаларын, зарылдык ж-а кокустук категорияларынын тарыхый филос. эволюциясын изилдөөгө багытталган. Кырг-н Ленин комсомолу (1989), УИАнын И. Ахунбаев атн. (2005) сыйл. лауреаты. Даңк медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Очерки диалектической логики: принципы и категории. Б., 2001; Категорология. Б., 2002; Миропонятий: от мифа к теории. Б., 2003.