БЕКБОЕВ Мэлс Сагыналиевич: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕКБОЕВ 1 Мэлс Сагыналиевич (20.11.1952-ж. т., Бишкек) – генерал-майор (2004). Алматы ко­мандалык жогорку аскер окуу жайын (1974), М. В. Фрунзе атн. аскердик академияны (1997), РФтин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын аскердик академиясын (2004) бүткөн. Взводдун командиринен ротанын командирине чейинки командалык кызматтарда, 1998–2002-ж. КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын ас­кердик даярдоо башкармасынын начальниги, 2004-жылдан КРдин коргоо министринин биринчи орун­басары – Куралдуу Күчтөр­дүн Башкы штабынын на­чальниги. Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы «СССР Курал­дуу Күчтөрүндө Ата Меке­нине кызмат кылгандыгы үчүн», 2-, 3-даражадагы Ма­нас ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.