БЕКБОЛОТОВА Айгүл: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕКБОЛОТОВА Айгүл (17. 6. 1954, Ысыккөл обл., Түп р-ну, Күрмөнтү кыш.) – эколог, биол. илимд. доктору (2003). Кыргыз кыз-келиндер пед. ин-тун бүтүргөн (1976). КР УИАнын Бийик тоолуу физиол. ж-а эксперименттик патология интунда кенже ил. кызматкер (1976). 1994–97-ж. Тоолуу шартта адамдын ж-а жаныбарлардын миграциясынын мед.-биол. проблемалары б-ча эларалык лабораторияда ил. кызматкер, ошол эле учурда КМКТАУда окутуучу, 1998–2002-ж. эксперименттик патофизиология лабораториясында ил. кызматкер, 2002–03-ж. лабораториянын жетекчиси, 2003-жылдан И. Арабаев атн. КМУда кафедра башчысы. 80ден ашык ил. эмгектин автору. Ил. эмгектери негизинен бийик тоо, түрдүү экол. стресс шарттарында ж-а нормалдуу учурда кантамырлардын ички беттеринин, о. эле гемостаздын ыңгайлануу функциясынын маңызын ачып көрсөтүүгө арналган.
Эмг.: Стрессоустойчивость организма в условиях гор. Б., 1998.