БЕКМУРАТОВ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕКМУРАТОВ''' | '''БЕКМУРАТОВ''' Саид (1901, Карасуу р-ну, Жыл­келди кыш. – 1.2.1966, Фрунзе) – белгилүү кыл­кыякчы, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1939). Кыргыз мамл. драма театрында (1934–36), Кыр­гыз мамл. филармония­сында (1936–61), Фрунзеде­ги М. Күрөңкөев атн. муз-хо­реогр. окуу жайында (1961) иштеген. Элдик ырларды, күүлөрдү кылкыяктын кош­тоосунда ырдоону, күү тар­тууну Калыбай, Нармат, Айдараалы, Муратаалыдан | ||
өздөштүргөн. | |||
[[File:БЕКМУРАТОВ17.png | thumb | none]] | |||
Ал кылкыяк­чылардын «Керөзөн», «Бе­карстан тайчы», «Ак ток­ту», «Ат кетти», «Шырдакбектин боз жорго» аттуу күүлөрүн устаттык м-н тарткан. Өзү «Сыр­даш», «Тизгин күү», «Кул пенде», «Кедейдин ар­маны», «Чуу басар» ж. б. күүлөрдү чыгарган, | |||
«Паризат», «Бери чык», «Эки жол», «Жол жү­рүш» аттуу элдик ырларды аткарган. Кыргыз радиосунун алтын казынасына 20дан ашык күү­лөрдү, ырларды жаздырган. Кылкыякты мык­ты чапкан уста да болгон. Кыздардын кылкы­якчылар ансамблин уюштурган. Кыргыз ад-ты м-н иск-восунун Москвада өткөн эки он күндү­гүнүн (1939, 1958) катышуучусу. «Ардак Белги­си» ордени, медалдар м-н сыйланган. | |||
Ад.: ''Алагушов Б.'' Кылымдардын кылдары. Б., 2005. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | |||
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕКМУРАТОВ Саид (1901, Карасуу р-ну, Жылкелди кыш. – 1.2.1966, Фрунзе) – белгилүү кылкыякчы, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1939). Кыргыз мамл. драма театрында (1934–36), Кыргыз мамл. филармониясында (1936–61), Фрунзедеги М. Күрөңкөев атн. муз-хореогр. окуу жайында (1961) иштеген. Элдик ырларды, күүлөрдү кылкыяктын коштоосунда ырдоону, күү тартууну Калыбай, Нармат, Айдараалы, Муратаалыдан өздөштүргөн.

Ал кылкыякчылардын «Керөзөн», «Бекарстан тайчы», «Ак токту», «Ат кетти», «Шырдакбектин боз жорго» аттуу күүлөрүн устаттык м-н тарткан. Өзү «Сырдаш», «Тизгин күү», «Кул пенде», «Кедейдин арманы», «Чуу басар» ж. б. күүлөрдү чыгарган, «Паризат», «Бери чык», «Эки жол», «Жол жүрүш» аттуу элдик ырларды аткарган. Кыргыз радиосунун алтын казынасына 20дан ашык күүлөрдү, ырларды жаздырган. Кылкыякты мыкты чапкан уста да болгон. Кыздардын кылкыякчылар ансамблин уюштурган. Кыргыз ад-ты м-н иск-восунун Москвада өткөн эки он күндүгүнүн (1939, 1958) катышуучусу. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Алагушов Б. Кылымдардын кылдары. Б., 2005.