БЕКНАЗАР КУУДУЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕКНАЗАР КУУДУЛ , Б е к н а з а р А р з ы­м а т у у л у (1881, Токтогул р-ну, Ничкесай кыш. – 1953, ошол эле жерде) – эл куудулу, жамакчы. Атасы жокчулуктун айынан жалда­нып иштеш үчүн Арстанбапка жакын Кызыл­суу кыш-на байыр алып калат. Жети жашын­да энесинен ажырап, өгөй эненин каарынан 9


жашында үйүнөн безип, Ар­станбап мазарына келип, андагы шайыктарга кум­ганчы (дааратка суу даяр­дап бергич) болуп иштеген.

Бул жерде ал айрым кожо­молдолордун анык алдамчы экенине көзү жетип, алар­ды жек көрүү сезими пай­да болгон. Ошондуктан дин­чилердин кылык-жорукта­рын ашкерелөө анын негизги темасы болуп кал­ган. Анын «Мусулманчылыктын азабы», «Му­саллага тойгондогу зикир», «Молдолор тоору­ганда», «Жума намаз эмне үчүн каза болду», «Сүзүшмө намаз, мушташма зикир» сыяктуу оозеки аңгемелери эл ичинде кеңири тараган. Б. К. 1930-ж. Токтогул р-ндук театрда иштеген. Ал сагызган, чакчыгай, күкүк, карышкыр, мы­шык, ит ж. б. жан-жаныбарлардын дабышын куду өзүндөй туурай алган. Б. К. Токтогул акындын шакирттеринин бири болгон.