БЕЛБОО: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛБОО – булгаары, кайыш ж-а кездемеден кийимдин сыртынан белди курчоого арналып
жасалган (1,5–2 м), бир жагында тогоосу бар
жазы, кур сымал буюм. Б. кур, илгич деген да мааниде айтылат. Кездемеден жасалган Б. м-н көбүнчө улгайган аялдар курчанган. Жүндөн,
кебезден, жибектен түрдүү түстө даярдалган
жиптерден чалып токуу, өрүү жолу м-н колдо жасалып, чачы жиптери жибектен болгон. Анын учтары, төмөнкү чети, айрым учурда жогорку чети да түрдүүчө чачыланган. Алтын, күмүш
жипчелер аралаш согулган, чачыланган баалуу
Б-лор да болгон. Ал белге бир же эки оролуп, учтары алды жакка илмек байланып, чепкендин, ичиктин, тондун, кемселдин, көйнөктүн сыртынан курчалган. Кийин мындай Б-лор кездеме кур, кемер кур м-н алмашылган. Булгаары Б-нун (кемер кур) бетин алтын, күмүш ж. б. металлдарды чегерип кооздошкон.