БЕЛИЗ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛИ́З – Борб. Америкадагы мамлекет. Юкатан ж. а-нын түш.-чыгышында жайгашкан.

Түн., түн.-батышынан Мексика, түш.-батышынан Гватемала м-н чектешет. Чыгышын Кариб деңизи чулгайт. Аянты 23,0 миң км2. Калкы 279,5 миң (2005). Борбору – Бельмопан ш. Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – белиз доллары. Адм.-аймактык жактан 6 округга бөлүнөт. БУУнун, Эларалык валюта фондунун, Америка мамлекеттер уюмунун мүчөсү. Б. – унитардык мамлекет. Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1981-ж. 21-сентябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик монархия. Мамлекет башчысы – Улуу Британия королевасы (монарх), анын милдетин Б. мамлекетинин жараны болгон генерал-губернатор аткарат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке

ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу Элдик чогулуш (Сенат ж-а Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Элдик биримдик партиясы, Бириккен демокр. партия.
Аймагынын көп бөлүгүн оёң саздуу түздүк ээлейт. Түш.-батышын Майя тоосу (бийикт. 1122 мге чейин, Виктория чокусу) курчап жатат. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орт. темп-расы 25°Сден 27°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 1300 ммден түштүгүндө
4500 ммге чейин. Жеринин 1/ бөлүгүн баалуу дарактар өскөн, дайыма нымдуу тропик, түндүгүн жалбырагы күбүлмө тропик ж-а саванна токою ээлейт. Айрыкча өлкөнүн түш. тарабындагы дөңсөө-тоолорун сейрек бадалдуу, жапыз өскөн тропик токою каптап жатат. Ири дарыялары: Белиз, Сибун ж-а Нью-Ривер (кеме жүрөт). Б-де жалпы аянты 912 миң га келген, коргоого алынган 36 аймагы бар, а.и. Чикубуль улуттук паркы, дүйнөдөгү жалгыз Бассейн-Кокскомб ягуарлар резерваты иштейт. Калкы негизинен белиздиктер (73,6%), орт. жыштыгы 1 км2 жерге 12,2 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 69,9, аялдарыныкы – 73 жаш. Эли – англис, о. эле испан тилдеринде, креоль диалектисинде да сүйлөшөт. Динге ишенгендер негизинен христиандар. Шаар калкы – 47%. Ири шаары – Бельмопан.
Азыркы Б. жайгашкан аймак байыртадан эле майя цивилизациясынын очокторунун бири болуп келген. Б. 1502-ж. Х. Колумб тарабынан ачылган. Борб. Американын Испания тарабынан каратылышы м-н (1509–24), Б-дин түндүгү Жаңы Испаниянын (азыркы Мексика), ал эми түштүгү Гватемаланын курамына кирген. 17-кда Б-ге англичандардын келиши м-н алгачкы колониясы негизделип, бул аймак үчүн англичандар м-н испандардын ортосундагы экон. тирешүүлөр башталган. 1763-ж. Париж келишими б-ча Б. аймагында испандардын бийлиги сакталып, англичандар болсо токой чарбасын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Алар токой плантацияларында негр-кулдардын эмгегин пайдаланышкан. 18-к-дын аягы – 19-к-дын башында англичандар испандарды акырындык м-н сүрүп чыгып, 1840-ж. расмий түрдө Б-ди Британ Гондурасы деген ат м-н өз колониясы деп жарыялаган. 1964-ж. гана Улуу Британия Б-ге ички иштерин өзү башкаруу укугун берген. 1981-ж. чейин Б. Америка континентиндеги британиялык акыркы колония болуп келген. 1981-ж. 21-сентябрда Б. көзкаранды эместигин жарыялап, БУУга мүчөлүккө кабыл алынган. 90-жылдары Б-де эки партиялуу система калыптанган. 1998 ж-а 2003-ж. парламенттик шайлоолордо Элдик биримдик партиясы (лидер Саид Муса, теги б-ча палестиналык) жеңишке жетишкен. Өлкөдөгү демокр. ин-ттардын бекемделгендигине карабастан, экон. ж-а социал. маселелер чечилбеген бойдон калууда. Экономикасынын негизин 1960-ж. чейин токой чарбасы түзүп келсе, 1990-ж. 15 эсеге кыскаргандыктан учурда Б.– агрардык өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 1778 млн доллар,


аны киши башына бөлүштүргөндө 6,5 миң доллардан (АКШ; 2005) туура келет. Ички дүң продукциядагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 68%, айыл ж-а балык чарбасынын үлүшү 13%, өнөржайыныкы 9%. Туризм өнүгүүдө (жылына 200 миңге жакын). 2002-ж. 117 млн кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. А. ч-нын негизин балкамыш түзөт. Цитрус өсүмдүктөрү (лимон, апельсин, мандарин ж. б.) ананас, банан, кокос плантациялары бар. Бодо мал, чочко багылат. Жыгаччылык өнүккөн, кариб ж-а кызыл карагайдан
ж-а кампеш дарагынан жыгач даярдалат. Ба-

лык кармалат. Консерва өндүрүшү бар. Автомобиль жолунун уз. 2,9 миң км. (а.и. 651 км асфальтталган). Ири деңиз порттору: Белиз, Дангрига. Ички суу жолунун уз. 825 км. Сыртка кант, цитрус жемиштери, деңиз азыктары, булгаары ж-а булгаары-буткийим, жыгач буюмдары ж. б. чыгарылат. Сырттан азык-түлүк, дарыдармек, отун, машина, транспорт жабдуулары, тиричилик товарларын ж. б. алат. Негизги сырт-

кы соода шериктештери: АКШ, Улуу Британия, Канада, Мексика.
Мамлекеттин колониялык көзкарандылыгынын таасири улуттук мад-ттын, а.и. айрыкча ад-т ж-а иск-вонун өнүгүшүнө тоскоол болгон.

Байыркы эстеликтери майя мад-ты м-н байланыштуу. Анын ичинен Алтун-Ха, Ламанай (майя аймагындагы эң чоң пирамида), Караколь ж. б. арх-ралык комплекстери сакталган. 16-кда колониалдуу стилдеги курулуштар пайда боло баштаган (мис., испандык миссионерлер тарабынан курулган байыркы Ламанай ш-дагы мечит), арх-ра негизинен 19–20-к. Белиз ж-а Бельмопан ш-да өнүккөн. 6–14 жашка чейин баштапкы билим берүү милдеттүү ж-а акысыз жүргүзүлгөн. Бардык шаарларында мектептер бар. Техникалык, педагогикалык, айыл чарба, жаштарды өстүрүү борбору, проф-дык окуу борбору,
чоңдор үчүн үзгүлтүксүз билим берүү мектептери орун алган. Калктын сабаттуулугу 80%ти түзөт. Улуттук ун-т, китепканалары бар.