БЕЛЛ Александер Грейам: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕЛЛ Aлександер Грейам (3.3.1847, Шотлан­дия, Эдинбург – 2.8.1922, Канада, Баддек) – те­лефонду ойлоп табуучу (1876). Адам үнүн зым аркылуу аралыкка алгачкы болуп берген. Эдин­бург ж-а Лондон ун-ттерин бүтүргөн. 1871-жыл­дан АКШда жашаган. Ал дүлөйлөр м-н иштеп, абанын термелиши кантип үнгө айланарын изил­деген. 1873-жылдан Бостон ун-тинде (АКШ) проф. 1876–77-ж-да Б. микрофон ж-а үнугузгучту (наушник) бир тулкуга орнотуп, телефон аппа­ратын конструкциялап, 1876-ж. алгачкы теле­фонго патент алган. Телефон м-н биринчи жолу Нью-Йорктон Чикагого чалып сүйлөшкөн.