БЕЛЛИНЦОНА: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛЛИНЦО́НА – Швейцариянын түштүгүндөгү шаар. Тичино (Тессин) кантонунун адм. борбору. Калкы 17 миң (2005). Леопонтин Альп тоо-
лорунан түштүктө, Тичино д-нын өрөөнүндө жайгашкан. Трансальп темиржол магистралындагы ж-а Цюрих – Милан автомобиль жолундагы ири жол тоому. 1250-жылдар ченде негизделген. 14–15-к-да Милан герцогдугунун, 1503- жылдан Швейцария Союзунун курамында болгон. Б-нын тарыхый очогу болуп дөбөдө жайгашкан үч сепил [Кастель-Гранде (4-к-да негизделип, 13–15-к. курулган), Кастелло-ди-Монтебелло (13–15-к.; учурда тарых музейи), Кастелло-ди-Сассо-Корбарио (1479)] эсептелет. Алар Сен-Готард, Лукманир ж-а Сан-Бернардино ашууларына кеткен жолду тосуп турат. Сепилдер Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Булардан тышкары роман стилиндеги Ионн Креститель (12–13-к.), Ыйык Павел (14–15-к. фасадындагы ж-а интерьериндеги фрескалар 15-, 16-к.), ренессанс стилиндеги соборлуу чиркөөлөр (15-к-дын аягы – 16-к-дын башы), Санта-Мария-делле-Грацие базиликасы ж. б. бар. Театрлар, сүрөт галереясы, музейлер иштейт. Экономикасында тейлөө сектору басымдуу. Өнөржайы жерг. гана мааниге ээ.