БЕЛЛИНЦОНА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЛЛИНЦО́НА''' – Швейцариянын түштүгүндөгү | '''БЕЛЛИНЦО́НА''' – Швейцариянын түштүгүндөгү шаар. Тичино (Тессин) кантонунун административдик борбо­ру. Калкы 17 миң (2005). Леопонтин Альп тоолорунан түштүктө, Тичино дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Трансальп темир жол магистралын­дагы жана Цюрих – Милан | ||
шаар. Тичино (Тессин) кантонунун | |||
автомобиль жолун­дагы ири жол тоому. 1250-жылдар ченде негиз­делген. XIV–XV кылымдарда Милан герцогдугунун, 1503- жылдан Швейцария Союзунун курамында бол­гон. Беллинцонанын тарыхый очогу болуп дөбөдө жай­гашкан үч сепил [Кастель-Гранде (IV кылымда негизделип, XIII–XV кылымдарда курулган), Кастелло-ди-Монте­белло (XIII–XV кылымдар; учурда тарых музейи), Кастел­ло-ди-Сассо-Корбарио (1479)] эсептелет. Алар Сен-Готард, Лукманир жана Сан-Бернардино ашууларына кеткен жолду тосуп турат. Сепил­дер ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кир­ген. Булардан тышкары роман стилиндеги Ионн Креститель (XII–XIII кылымдар), Ыйык Павел (XIV–XV кылымдар, фа­садындагы жана интерьериндеги фрескалар XV–XVI-кылымдар), ренессанс стилиндеги соборлуу чиркөөлөр (XV кылымдын аягы – XVI кылымдын башы), Санта-Ма­рия-делле-Грацие базиликасы жана башкалар бар. Театр­лар, сүрөт галереясы, музейлер иштейт. Эконо­микасында тейлөө сектору басымдуу. Өнөр-жайы жергиликтүү гана мааниге ээ. | |||
[[Файл:Беллин.jpg|left|thumb|453x453px|Швейцариядагы Беллинцона өз сепилдери менен]] | |||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
09:01, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛЛИНЦО́НА – Швейцариянын түштүгүндөгү шаар. Тичино (Тессин) кантонунун административдик борбору. Калкы 17 миң (2005). Леопонтин Альп тоолорунан түштүктө, Тичино дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Трансальп темир жол магистралындагы жана Цюрих – Милан
автомобиль жолундагы ири жол тоому. 1250-жылдар ченде негизделген. XIV–XV кылымдарда Милан герцогдугунун, 1503- жылдан Швейцария Союзунун курамында болгон. Беллинцонанын тарыхый очогу болуп дөбөдө жайгашкан үч сепил [Кастель-Гранде (IV кылымда негизделип, XIII–XV кылымдарда курулган), Кастелло-ди-Монтебелло (XIII–XV кылымдар; учурда тарых музейи), Кастелло-ди-Сассо-Корбарио (1479)] эсептелет. Алар Сен-Готард, Лукманир жана Сан-Бернардино ашууларына кеткен жолду тосуп турат. Сепилдер Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Булардан тышкары роман стилиндеги Ионн Креститель (XII–XIII кылымдар), Ыйык Павел (XIV–XV кылымдар, фасадындагы жана интерьериндеги фрескалар XV–XVI-кылымдар), ренессанс стилиндеги соборлуу чиркөөлөр (XV кылымдын аягы – XVI кылымдын башы), Санта-Мария-делле-Грацие базиликасы жана башкалар бар. Театрлар, сүрөт галереясы, музейлер иштейт. Экономикасында тейлөө сектору басымдуу. Өнөр-жайы жергиликтүү гана мааниге ээ.
