БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛОВЕ́ЖА МАКУЛДАШУУСУ – 1991-ж. 8-декабрда Вискули-Беловежа токоюнда (Беларуссия) Россия, Беларуссия ж-а Украина мамлекеттеринин башчылары (Б. Ельцин, (С. Шушкевич) Л. Кравчук, тарабынан кол коюлган келишим. Б. м. Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР) эларалык укуктун субъектиси катары өз жашоосун токтоткондугун белгилеген. 1991-ж. коммунисттик төңкөрүш (ГКЧП) ийгиликсиз аяктап, анын жетекчилеринин камакка алынуусу ж-а Коммунисттик партиянын таратылышы СССРдин кыйрашын тездеткен. Көзкаранды эместигин жарыялашкан мурдагы союздун курамындагы Балтика боюндагы респлар (Латвия, Литва, Эстония) СССРдин курамынан чыккандыгын жарыялашкан. Бул өлкөдөгү саясий кризисти күчөткөн. Ушундай кырдаалда үч славян өлкөлөрүнүн башчылары Беловежа токоюнда өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө СССРди мындан ары сактап туруу мүмкүн эместиги ж-а жаңы шарттарга ылайык келген союзду куруу тууралуу белгиленген. Ага жооп иретинде 1991-ж. 12-декабрда Ашгабад ш-нда О. Азия республикасынын президенттеринин (Казакстандан Н. Назарбаев, Кыргызстандан А. Акаев, Өзбекстандан И. Каримов, Тажикстандан Т. Махкамов, Түркмөнстандан С. Ниязов) жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушууда алар өзара союздаштык ж-дөгү макулдашууга кол коюшуп, о. эле Б. м-нын шарттары м-н толук макул экендигин билдиришкен. Мындан сырткары алар мурдагы СССРдин курамындагы респ-ларга жаңы шарттагы союздук келишим түзүү чакырыгы м-н кайрылышкан. 1991-ж. 21-декабрда Алматы ш-нда мурдагы СССРдин курамындагы 11 респ-нын (Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кырг-н, Молдова, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина) мамлекет башчылары жаңы союздук келишимге кол коюу м-н Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) негиз салынган. 1991-ж. 25-декабрда СССРдин президенти М. С. Горбачев кызматынан кеткендигин жарыялаган. Ошентип, Советтер Союзу өзүнүн жашоосун толук токтоткон.
А. Орозов.