БЕЛОВОДСКИЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛОВО́ДСКИЙ (мурдагы А к с у у) – Чүй облнун Москва р-нундагы кыштак. Райондун ж-а Беловодский айыл өкмөтүнүн борбору. Бишкек – Ташкен автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 760 м бийиктикте жайгашкан. Беловодский темиржол бекетинен 2 км. Бишкек ш-нан 40 км батыш тарапта. 1866-ж. отурукташкан. Калкы 19 831 (2006). Эки орто мектеп, атайын мектеп, лицей, спорт мектеби, 4 балабакча, оорукана, поликлиника, дарыкана, денсоолукту чыңоочу жай, кинотеатр, 3 китепкана, 2 клуб, кафе-барлар, ашканалар бар.