БЕЛОКТУУ ТОЮТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕЛОКТУУ ТОЮТ , п р о т е и н д ү ү т о ю т – өсүмдүк ж-а жаныбардан алынган белоктуу (протеиндүү) мал азыгы. Протеин дан, акшак, улпак, шрот ж-а күнжарада көп болот. Көк тоюттагы – беде, эспарцет, соя, буурчак, жер буурчак ж-а кашкабеде ж. б-дагы протеин жо­горку сапаттуу, сиңимдүү келет. Тоюттун белок­туулугу чөптүн чабылган убактысына, даярдоо технол-сына, түрүнө ж-а сортуна байланыштуу болот. Гүл ачар алдында чабылган беденин 1 тоют бирдигинде 228 г, эспарцетте 186 г, ал эми буурчак данында 171 г, жер буурчакта 186 г, машбуурчакта 211 г, сояда 223 г сиңимдүү про­теин бар. Ачыткыда белок көп, ал – В тобунда­гы витаминдердин ж-а микроэлементтердин бу­лагы. Жаныбардан алынган тоют өсүмдүк тою­туна караганда белоктуулугу ж-а биол. баалуу­лугу м-н айырмаланып, алмаштырылгыс амин к-талардын бардыгы болот. Мис., сөөк уну, сөөк­кан уну, балык уну протеинге, витаминдерге, минерал заттарга бай.