БЕЛУ-ОРИЗОНТИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕ́ЛУ-ОРИЗО́НТИ (Belo Horizonte) – Бразилия­нын түш.-чыгышындагы шаар, Минас-Жерайс штатынын адм. борбору (1897). Калкы 2,4 млн (2005). Серра-ду-Эспиньясу тоосунун этегинде жайгашкан. Темир ж-а автомобиль жолдор тоо­му. Аэропорту бар. 1895-ж. негизделген, 20-к­дын 2-жарымында бир нече асман тиреген үйлөр курулган. Собор, ун-ттер (католик, иск-во ж. б.), штаттын филология академиясы, калк китеп­канасы, иск-во сарайлары (кинотеатрлар, ки­тепканалар, сүрөт гал., театрлар ж. б.), тарых музейи бар. Ботан. бак уюшулуп, зоопарк иш­тейт. Өлкөнүн тоокен өнөржайынын (темир, марганец кенташтары, алтын, асыл таштар) бор­бору. Кара металлургия, электр-тех., текстиль, тамак-аш, хим., фармацевтика, полигр., бул­гаары-буткийим өнөржай ишканалары, шаар­дын айланасында «Фиат» автомобиль з-ду иш­тейт. Б.-О-ге жакын спорттук ж-а туристтик шаарча – Пампулья жайгашкан. Анда Сан-Фран­сиску чиркөөсү, казино, яхта-клуб, дансинг бар.