БЕЛЬГИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕ́ЛЬГИЯ , Б е л ь г и я К о р о л д у г у (фр. Royaume de Belgique, фламандча Koninkri¼k Belgiё) – Батыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Нидерланд, чыгышынан Германия, түш.- чыгышынан Люксембург, түштүгүнөн ж-а түш.- батышынан Франция м-н чектешет. Түн.-батышын Түндүк деңизи чулгайт. Аянты 30,5 миң км2. Калкы 10,4 млн (2005). Борбору – Брюссель ш. Расмий тилдери: француз, нидерланд, немис

тилдери. Б.-федерациялык мамлекет болгондуктан үч аймакка: Вавилон, Фламанд ж-а Брюссель адм. айм. жактан Брюссель агломерациясына ж-а 10 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги – евро. Б. – БУУнун (1945), Европалык экон.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005) уюмунун (1957), Европа кеңешинин (1949), ЕККУнун (1975), Эларалык валюта фондунун (1945), Эларалык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. Б. – федерациялык мамлекет. [Конституциясы 1831-ж. 7-февралда кабыл алынган, 1994-ж. 17-февралда өзгөртүүлөр киргизилген)]. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – король. Аткаруу бийлигин король м-н премьерминистр жетектеген Министрлер кабинети ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы ж-а Сенат). Саясий партиялары: Либералдык реформалар партиясы (франкофондор), Соц. партия (франкофондор), Социал-христиан партиясы, Фламанд либералдар ж-а демократтар партиясы, Социал. партия (фламандыктар), Христиан Элдик партиясы, Фламанд блогу.
Табияты
. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн түздүк ээлейт; ал түн.-батыштан, Түндүк деңиздин жээгинен түш.-чыгышты карай бийиктейт. Эң бийик жери – Арденна тоосу, 694 м (Ботранж чо-

. кусу). Жээк бойлой жайгашкан дюналар улам
өрдөгөн сайын польдерлер (кургатылган саздак жерлер) тилкеси, Фландрия, Кампин жайпак түздүктөрү м-н алмашат. Өлкөнүн борб. бөлүгүндө дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу. Климаты мелүүн деңиздик. Январдын орт. темп-расы Арденнада –1°Сден деңиз жээгинде 3°Сге чейин, июлдуку 14°Сден 19°Сге чейин. Жылдык жаанчачыны түздүктөрдө 700–900 мм, тоолордо (Арденна) 1500 ммге чейин.

Негизги дарыялары – Мёз (Маас), куймалары Урт. Самбра; Шельда, куймалары Лейе, Дандр. Кенбайлыктарынан көмүргө бай, о. эле темир, коргошун, цинк, жез, сурьма кендери, гранит, мрамор ж. б. курулуш материалдары бар. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн маданий ландшафттар ээлейт. Бокаж (токой тилкелери м-н бөлүнгөн эгин талаалары ж-а шалбаа жерлер) мүнөздүү. Өлкөнүн аймагынын 24%ин жазы жалбырактуу токой – бук, эмен, граб, кайың ж. б. ээлейт (негизинен Арденнада). Польдерлерде ж-а дарыя жайылмаларында шалбаа, дюналарда верещатниктер өсөт. Жалпы аянты 78,4 миң га болгон 4 кайтарылуучу жаратылыш аймагы, а. и. От-Фань жаратылыш паркы бар.
Калкы
. Негизинен фламанддар (56%), валлондор (32%), о. эле немистер м-н француздар да жашайт. Динге ишенгендеринин 57% католиктер, 1,7% протестанттар, еврейлер, мусулмандар ж. б. Дүйнөдөгү калк эң жыш жайгашкан өлкөнүн бири. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 342 киши. (Европада 2-орунда; Нидерланддан кийин). Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектерини ки – 75,4, аялдарыныкы – 81,9 жаш. Шаар калкы 96,7%. Ири шаарлары: Антверпен, Гент, Шарлеруа, Льеж, Брюгге.
Тарыхы
. Байыркы замандан өлкөнүн аймагын белг уруулары мекендеген (өлкөнүн аты ушундан улам келип чыккан). Б. з. ч. 57-ж. Цезарь тарабынан басып алынып, Рим империясынын курамына кошулган. Б. з. 3–5-к-да Б-нын аймагына герман франк уруулары көчүп келишет. 5–9-к-да Б. Франк мамлекетинин курамында болот. 10–12-к-да аймакта шаар куруу, жүндөн кездеме токуу, металл иштетүү, соода өнүгөт. 12-к-да Б. Европанын «өнөрканасына» ж-а эларалык соода түйүнүнүн борборуна айланат. 14–15-к-дын акырында Б-нын аймагы (1384-ж. Фландрия, 1430-ж. Брабант) Бургундия мамлекетине кирет. Бургундия мамлекети кыйрагандан кийин, Б-да Габсбургдар династиясынын (1477, толугу м-н 1482) бийлиги орнойт. 15-к-дын башында Нидерланд деп аталган 17 провинциянын бир аймагы катары (Б-нын азыркы аймагы, Нидерланд, Люксембург ж-а Түн. Франциянын бир бөлүгү) анын курамына кирген. Европадагы өлкөлөрдө капиталисттик мамилелер өнүгө баштаганда, Нидерланд алдыңкы орунга чыккан. 1576-жылдагы көтөрүлүш Б-нын провинцияларында испаниялык бийликти жок кылуу м-н аяктаган, Нидерланддын түн. провинциялары м-н келишим түзгөн. Бирок Б-дагы феодалдык-католиктик реакция Испания м-н союз түзүп, кыймылды баскан. Түн. Нидерланд (Голландия Респ.) ж-а Түш. Нидерланд (Б-нын аймагы) саясий, экон. жактан эки түрдүү жол м-н өнүккөн. Көзкаранды эмес Голландия Респ-нын экономикасы гүлдөп, Испаниянын колунда калган Түш. Нидерланддын экономикасы төмөндөгөн, капитализмдин өнүгүшү токтогон. Испандык мурас үчүн болгон согуштардын натыйжасында Б. австриялык Габсбургдардын (1714-ж.) бийлигине карап калат. 1794-ж. Наполеон империясынын курамына кирип, ал кулаган соң, Вена конгрессинин чечими б-ча, Голландия м-н Вильгельм I башкарган Нидерланд королдугуна биригет. Бул мезгилде өнөржайы бир кыйла өнүгүп, темиржолдор салынган, банктар ачылган. 1830-ж. Голландия үстөмдүгүнө каршы чыккан Б. рев-ясы жеңишке жетишип, Улуттук конгресс тарабынан Б. королдугунун көзкаранды эместиги жарыяланган, ошол эле жылы беш улуу держава (Улуу Британия, Россия, Франция, Австрия ж-а Пруссия) Лондондо өткөн конференцияда Б-нын көзкаранды эместигин таанып, аны 1831-ж. түбөлүк бейтарап өлкө катары жарыялашкан. 1831-ж. Улуттук конргессте кабыл алынган конституция өлкөдө конституциялык монархиянын орногондугун белгиледи. Дүйнөлүк биринчи ж-а экинчи согуш мезгилинде Б. немис армиясы тарабынан оккупацияланган. Согуштан кийин өлкөнү кезек м-н соц. ж-а католиктик партиялар башкарган. 1960-ж. Конгого, 1962-ж. Руанда-Урундиге эгемендикти берген. Б. НАТОнун (Түн. Атлантикалык Келишим Уюмунун) мүчөсү. Брюсселде НАТО Кеңешинин ж-а Европадагы бириккен куралдуу күчтөрдүн жогорку башкы командачысынын штабквартирасы жайгашкан. 1958-ж. Нидерланд ж-а Люксембург м-н союз түзүү ж-дөгү келишимге (Бенилюкс) кол койгон. 20-к-дын 60–70-жылдарында Б-да фламанддыктар (нидерланд тилинде сүйлөшкөндөр) м-н валлондуктар (франк тилдүүлөр) ортосунда оор мамилелерден улам абал татаалдашып кеткен. Жаңжалдан улам 994-ж. өлкөнүн конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, Б. федерациялык мамлекет катары, ал эми Фландрия м-н Валлонияда өзалдынча өкмөттөр түзүлгөн. 2003-ж. өткөрүлгөн парламенттик шайлоолордон кийин Г. Верховстад жетектеген жаңы өкмөт шайланган.
Экономикасы
. Европадагы экономикасы жогорку деңгээлде өнүккөн индустриялуу өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 316,2 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 30 600 доллардан (2004; АКШ) туура келет. Ички дүң про-

дукциясында өнөржай м-н курулуштун үлүшү 25,7%, айыл, токой ж-а балык чарбасыныкы 1,3% (2004). Өлкөнүн экон. структурасынын негизги өзгөчөлүгү банк капиталынын басымдуулугу. Б. мин. сырьёлорго жарды. Көмүр казылып алынат (учурда токтотулган). 2002-ж. 76,6 млрд кВт · с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 58% – АЭСке туура келет (Б. дүйнөдө 2- орунда, Франциядан кийин). Өлкөнүн түндүгүндө Мол ш-нда эларалык ядро изилдөөчү ири борбор (тез нейтрондуу 3 реактору м-н), о. эле Евратом атом изилдөө бюросу, ядро отунун кайра иштетүүчү (Батыш Европа өлкөлөрү үчүн) ишканасы жайгашкан. Болот өндүрүү б-ча Европа шериктештиги өлкөлөрүнүн ичинен, алдыңкы катарда турат (2001-ж. 11,3 млн т).
Өнөржайынын негизги тармактары: тамак-аш, химия (пластмасса, жасалма була, каучук), кара металлургия, металл иштетүү ж-а машина куруу (а. и. автомобиль куроочу тармагы өнүккөн), текстиль, айнек (айнек м-н күзгүнү экспортко чыгаруу б-ча дүйнөдө 1-орунда), кыймылдаткыч, жүк жүктөөчү транспорт жабдуулары, текстиль машиналарын куруу. Түстүү телевизор (көпчүлүгү

экспорттолот), илгертен курал-жабдыктарды
чыгаруу өнүккөн. Сода, жерсемирткич ж-а пластмасса синтездөө үчүн орг. сырьё, кинофотоматериалдар, медикаменттер чыгаруучу заводдору бар. Кебез-кездеме, кылторко, жасалма жибек өндүрүшү иштейт. Алмаз кырдалат (Антперпенде). Бриллиант соодалоонун борбору. Килем токуу, кийим тигүү, булгаары-буткийим, мебель өнөржай ишканалары иштейт. А. ч-нын негизги тармагы – эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы. Б-нын аймагынын 1/ нен ашыгы а. ч-га жарактуу, анын 45% шалбаа ж-а чабынды, 55%ин дан эгиндери ээлейт. А. ч-нда калкынын 3% гана эмгектенгени м-н, өлкө а. ч. продуктусуна болгон ички керектөөсүн толугу м-н камсыздайт. Канткызылчасы, жашылчажемиш, дан эгиндери өстүрүлөт. Бодо мал, чочко асыралат. Б. сүт продукцияларын өндүрүү б-ча Европадагы эң ири мамлекеттерден болуп саналат. Темиржолунун уз. 3,5 миң км (а. и. 2,6 миң кми электрлештирилген; анын жыштыгы б-ча дүйнөдө алдыңкы орунда). Автомобиль жолунуку – 149,0 миң км. Дарыяларында (Шельда, Маас) кеме жүрөт. Деңиз соода флотунун тоннажы 1146,3 миң рег. бр.-т (2005). Башкы деңиз порту – Антверпен, андан башка ири порттору – Брюгге, Гент, Остенде, Брюссель. Сыртка автомобиль ж-а өнөржай жабдууларын, кара ж-а түстүү металлдар, химия, текстиль продуктуларын, зергерчиликке колдонулуучу алмаз чыгарат. Сырттан энергетикалык сырьёну, азык-

түлүк, машина ж-а жабдууларды алат. Негизги соода шериктештери: Германия, Франция, Нидерланд, Улуу Британия, АКШ.
Маданияты
. Б-дагы алгачкы чиркөө мектептери о. кылымда уюшулган. 18-к-дын аягында менчик мектептер пайда болгон. 1914-жылдан негизги окуу ж-дө (6–14 жаш) мыйзам кабыл алынган. Башталгыч ж-а орто мектептерде окуу фламанд ж-а француз тилдеринде жүргүзүлөт. Билим берүүнүн мамл. секторун Билим берүү министрлиги, менчик мектептер католиктик окуунун секретариаты тарабынан көзөмөлдөнөт. Билим берүү системасы – мектепке чейинки мекемелерден (3–6 жаш), башталгыч (6-жылдык) мектептерден турат. Билим берүүнүн негизги принциптери О. Декороли тарабынан иштелген. Орто мектепте 6 жылдык мөөнөт м-н окулуп, 2 баскычка (3 жылдан) бөлүнөт. Биринчи баскычы 3 бөлүмдөн – классикалык, азыркы ж-а орто билим алганга чейинки, 2-баскыч классикалык бөлүм – латын-грек, латын-математика, латын-табигый, учурдагы окуу бөлүмү – табигый-илимий, коммерциялык болуп бөлүнөт. Атайын билим берүү атайын ж-а техн. мектептерден туруп (6 жыл), башталгыч мектептин базасында иштейт. Тех. мектептерде 1-баскычты бүтүргөндөн окулуп, андан кийин жогорку тех. мектептерге жолдомо алышат. Б-да 21 ЖОЖ (а. и. 5 ун-т) бар. Ири китепканалары: Б. улуттук (1837), ун-ттик (1846). Музейлери: Король азем өнөр иск-во (Антверпенде, 1890; а. и. байыркы ж-а заманбап иск-во), Король азем өнөр ж-а тарых (1835), Тервюрендеги Борб. Америкалык королдор (1897), Муниципалдык сүрөт гал-сы (1930, Брюгге). 1924-жылдан радио уктуруу, 1953-жылдан телекөрсөтүү иштейт. Учурда массалык маалымат каражаттары (33 күнүгө, 28 аптасына) француз, немис, нидерланд тилдеринде чыгат. Коомдук (3 теле, 5 радио каналы; француз тилинде), ж-а менчик (30дан ашык теле, 800 радиостанция) телерадио компаниялары иштейт. Б-нын француз тилиндеги алгачкы ж а з м а э с т е л и к т е р и 12-к-га таандык. О. кылымдагы бельгиялык ад-ттын негизги жанры – тарыхый хроника ж-а крест жортуулу тууралуу эпикалык айтымдар. «Окас
сен жана Николет» аноним ыр-жомогу Фландрияда түзүлгөн. 13–14-к-да куртуза ад-ты (фабльо, повесть, ыр, рыцарь романдары) өнүккөн. Белгилүү менестрелдери (эшик ырчылары) – Ж. де Конде, В. де Кувен. «Түлкүнү такка отургузуу» аттуу аноним романы 1280-ж. ченде жарык көрсө, 14-к-га «Фландрия хроникасы» (Ж. Фруассара) таандык. 15-к-дан новелла жанры («Жаңы 100 новелла», А. де. ла Саля) пайда болгон. Француз акындарынан таасирленип А. дю Эке, Л. де Мазюр ж. б. «Плеяданын» таасиринде жазышкан. 18-к-дын ортосунан Б-нын ад-тында трактат пайда болгон. Жаңы агымдын борбору Льеж ш. болуп, Вольтердин чыгармалары, «Энциклопедиялык журнал» басылган ж-а ад-т коомдору, ийримдер уюшулган. 19- к-дын башында романтика духундагы чыгармалар пайда болуп, бирок бельгиялык романтиктер Ж. Байронду, кийинчерээк В. Гюгону туурашкан. 20-к-дын 20–30-жылдарында Ф. Элленс М. Горькийдин чыгармаларынан таасирленип, роман жараткан. Фламанд тилиндеги ад-ты 18- к-дын башына чейин Нидерланд ад-тынын бир бөлүгү болгон. 16-к-дын аягында нидерланддык мад-т Б-нын түндүгүндө жайгашса да Нидерланд тилинде өнүккөн, бирок 17-к-дан фламанд ад-ты аталган. 19-к-дын 2-жарымында сын реализмине жакын ад-т өнүгөт. 20-к-дын башында декадент чыгармалары жазыла баштаган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин тынчтыкты, демократияны жактаган жазуучулар: М. Дейзе, П. ван Акен. Б-нын аймагында кельт ж-а байыркы Рим иск-восунун эстеликтери сакталган. О. кылымда тез байып келаткан соодаөнөржай шаарлары Б-нын феодалдык ээликтерине майдаланып бөлүнүп кетишине байланыштуу көркөм мад-ттын роман (11–12-к.), готика стилиндегилери пайда болгон. 1566–1609-ж. Б-нын иск-восунда өзүнчө мектеп пайда болуп, ал 18-к-дын акырына чейин фламанд иск-восу аталып, анда барокко стили эски салттуу Нидерланд мад-ты м-н бирдикте өнүккөн. 17-к-дагы фламанд сүрөт өнөрүндө П. П. Рубенс көрүнүктүү орун ээлейт. Анын көптөгөн жолун жолдоочулардан А. ван Дейк, Я. Йорданс өзгөчөлөнүшкөн. Ф. Снейдерс ири көлөмдөгү натюрморт жаратса, Л. Ван Уден пейзаж тарткан. Италия сүрөт-


чүлөрүнөн таасирленишкендер: Караважо, А. Янсинс, Г. Сегерс, Т. Ромбаутс. Фламанд сүрөтүнүн көчүрмөлөрү жезге (гравюра), жыгачка, шпалерага түшүрүлгөн. Фландрия, Брабант колго токулган торлору м-н даңталган. 19-к-дын 80- жылдарында арх-ранын модерн стили калыптанган. Кийинчерээк турак ж-а коомдук жайларды курууда учурдагы арх-ранын принциптери колдонулган.
Музыкасы улуттук каада-салттын негизинде түзүлгөн. Өлкөнүн түн. бөлүгүндөгү фламанддар нидерланддык маданий салттары м-н, түштүгүндөгү валлондор Франциянын мад-тынан таасирленишкен. Бул улуттук өзгөчөлүктөр фольклордо да, профессионал муз. иск-водо да байкалат. Б. музыкасы франко-фламанд Нидерланд мектебинен (15–16-к.), Кайра жаралуу доорунда пайда болгон полифония иск-восу Батыш Европанын композиторлор мектебинен таасирленген. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү: Я. Обрехт, А. Вилларт, Жоскен Депре, Орландо Лассо. 17-к-да Б.-нын музыкасынын авангарддык ролу төмөндөйт, анткени эң белгилүү композиторлору Францияга иштеп кеткен. Скрипка б-ча улуттук мектеп ачылган. Б-нын белгилүү муз. ишмерлери: Ж. Абсиль, Р. Дефоссе, Ф. Кине, А. Сури, М. Пот ж. б.; дирижёрлору: Ф. Андре, Д. Дефо; скрипачтары: А. Грюлью, К. ван Несто. Брюссель ири муз. борбор, анда «Де Ла Монне» театры, концерт коому, симфониялык оркестр ж. б. бар. Эларалык конкурстар: Брюсселде королева Елизавета атн. музыкант-аткаруучулардын (1951-жылдан, дүйнөлүк атакка ээ), Гентте И. С. Бах атн. органчылардын (1958- жылдан), Льежде кылдуу аспапчылар квартеттеринин (1951-жылдан) конкурстары өткөрүлүп турат. Антверпенде (1893), Гентте (1900) опера театры иштейт. Б-нын театр мад-ты француз ж-а фламанд тилинде өнүккөн. 13–15-к-да литургиялык (латын тилинде), морамит ж-а мистерия (француз ж-а фламанд тилинде) драмалары коюлуп кел-
12–100

ген. 16–17-к-да театр иск-восу диний куугунтуктоонун натыйжасында токтогон. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Б. театр иск-восунун өнүгүшүнө драматургдар М. Метерлинк, Ш. ван Лерберга, Ж. Роденбаха, М. Дютерм зор салым кошкон. Б-нын залкар драматургдары – Ф. Краммелинк, М. Гельдерод, Х. Клоссон, Х. Трейлинг, Г. Мартенс. Сахна өнөрүнүн улуттук мектеби калыптана албады, анткени Б-нын көрүнүктүү актёрлору, режиссёрлору четке кетишкен. Эски театрлары м-н катар жаңы театрлар пайда болуп, мамл. труппалар түзүлгөн. Театр ишмерлерин Брюсселдеги королдук консерватория даярдайт. 1908-ж. Харревелде алгачкы киностудия уюшулуп, 1-фильми тартылган. 1919-ж. Бельгия кинокомпаниясы, 1922-ж. «Бельгия фильми» киностудиясы ачылган. 20-жылдардын аягынан кинорежиссёрлор Ш. Декёкелер, А. Строк, А. Ковен, кийинчерээк П. Хасартс этногр., иск-во таануу ж. б. фильмдерди тартып, кинонун ушул жаатында ири жетишкендиктерге ээ болушкан. Брюсселде Б. синематикасы иштейт, анда 1962- ж. музей ачылган. Б-да бир нече кинематография ин-ттары бар. Брюссель м-н Гент ш-нда
эларалык кинофестивалдар өткөрүлүп турат. Б-да көптөгөн карнавалдар өткөрүлөт. Белгилүүлөрү: Бинштегл карнавалы, Ыйык Канн (май, Брюгеде), Ыйык Николай күнү балдар карнавалы (6-декабрь). Король азем иск-во (Антверпен; П. П. Рубенстин ж. б. Фламанд сүрөтчүлөрүнүн белгилүү коллекциялары коюлган), валлон иск-во музейлери (Льежде), 13-к-га таандык базар аянты (бийикт. 108 м коңгуроолуу мунарасы м-н), Ыйык Сальватор собору (XIII– XIV к.), чиркөөлөр, ратуша (XIV к.), Ымыркай көтөргөн Мадоннанын капка, цитадель, готика стилиндеги Нотр-Дам собору (1211-ж.; Ван Дейктин сүрөттөрү сакталган), Ыйык Бавон собору (Х к-дын күмбөздөрү ж-а даңктуу «Гент алтары» м-н), бийикт. 121,9 м шпиль (шиш найза) сакталган. О. эле Льежде Ыйык Павел чиркөөсү (Х к.), сот сарайы (XVI к.), Брюссель готика стилиндеги борб. аянт (XV к.), королдор сарайы, Ыйык Михаил чиркөөсү (XIII к.) бар.
Ад.: Аксенова Л. А. Бельгия. М., 1982; Пантелеева С. В. Нидерланды и Бельгия. СПб., 1905; Малые страны Западной Европы. М., 1972; Деловая Бельгия: Экономика и связи с Россией: Справочник. М., 2002– 2004 –. Т. 1–3.