БЕЛЯНДРА: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛЯ́НДРА Василий Яковлевич (5.1.1914, Костанай обл., Костанай р-ну, Достовский кыш. – 12.3.1967, Чүй обл., Кемин р-ну, Боролдой айылы) – Сов. Союз. Баатыры (1943). Советтик Ар-

мияга чакырылганга чейин (1941) Кемин р-нундагы Ильич атн. совхоздо комбайнчы бол у п и шт еген. 1943-ж. мотоаткычтар бригадасында взводдун (Воронеж фронту, 3-гвардиялык танкалык армия, 7-гвардиялык танкалык корпус) командири болуп дайындалган. Киевди бошотуу үчүн 1- Украина фронтунун аскерлеринин салгылашында Б. өзүнүн взводу м-н Днепрден биринчилерден болуп өтүп (1943), Трахтемиров кыш-н (Киев обл., Канаев р-ну) ээлейт. Эки сутканын ичинде Б-нын взводу душмандын 7 контрчабуулунун мизин кайтарган. Бул салгылашуудагы эрдиги үчүн Сов. Союз. Баатыры наамына арзыган. 1945-ж. Берлинди алууга ж-а Праганы бошотууга өз салымын кошкон. 1945-ж. 24-июнда Москвада өткөн Жеңиш парадына катышкан. Согуштан кийин Боролдой айылында МТСте механик болуп иштеген. Ленин, Кызыл Туу, Александр Невский, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.