БЕН БЕЛЛА: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕН БЕ́ЛЛА Ахмед (25.12.1916-ж. т., Магния) – Алжирдин мамл. ж-а саясий ишмери. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында француздук армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1947-жылдан Францияга каршы Алжир улуттук-боштондук кыймылынын жашыруун «атайын аскердик уюмун» жетектеген. Рев-яга үгүттөгөндүгү үчүн 1950-ж. француздар тарабынан камакка алынып, 1952-ж. Египетке качкан. Андан соң Алжирдин Улуттук боштондук фронтун (УБФ) түзүп, Францияга каршы куралдуу көтөрүлүштү жетектеген. 1956-ж. кайрадан кармалып, Францияга алынып келинген. Эвиан макулдашууларынын шарты б-ча түрмөдөн бошотулуп (1962), Алжир көзкаранды эместикке жетишкенден кийин, 1962–65-ж. премьер-министр, 1963-жылдан Алжир Респ-нын тунгуч президенти болгон. 1965-ж. Б. Б-нын өкмөтү полковник Хуари Бумедьен жетектеген аскердик төңкөрүштүн натыйжасында кулатылып, ал 1979-ж. чейин түрмөдө отурган.