БЕНЗИДИН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕНЗИДИ́Н , Н2N–C6H4–C6H4–NH2 – түссүз же саргыч түстөгү кристалл. Мол. м. 184,23; 60°Сден төмөнкү темп-рада суу эритмелеринде суунун 1 молекуласын кошуп алуу м-н кристаллданат, сууда начар, спиртте, эфирде жакшы эрийт. Б. уксус ж-а суюлтулган туз к-тасында туздарды пайда кылуу м-н эрийт. Мис., туз к-тасы монохлоргидратты С12Н12N2НСI пайда кылат. Б. гидроазобензолго минералдык к-таларды таасир этип, изомерлөөдөн алынат. Б-ди диазоттоодон алынган бис-диазобирикмелерден азобоёктор алынат. Ал канцерогендүү зат, анын абадагы концент-сы 0,001 мг/лден ашпоосу керек.