БЕНЗOПИРЕН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕНЗOПИРЕ́Н20Н12) – полициклдик аромат­таштырылган көмүртек тобундагы зат; канце­рогендик касиетке ээ. Курчаган чөйрөнү активдүү булгоочу заттардын бири. Көбүнчө өнөржайдын газ таштандыларында, автомобиль транспорту­нан бөлүнүп чыккан газдарда (айрыкча дизел­дик отун колдонулган кыймылдаткычтарда), о. эле иштетилген кыймылдаткыч майында ж-а чылым түтүнүндө ж. б. газдарда кездешет.

Атмосферага бөлүнүп чыккан таштанды газдар­дын салмагы Россиянын ж-а ага чектеш өлкө­лөрдүн аймактары б-ча жылына 127 т ны түзөт. Кара ж-а түстүү металлургия өнөржайынан 40%, туракжайларды жылытуудан 26%, хим. өнөр­жайдан 16% Б. бөлүнүп чыгат. Англияда жылы­на 71 т, Германияда 83 т, Францияда 58 т, Россияда 70 т дан ашык өлчөмдөгү (айрыкча Братск, Красноярск, Новокузнецк ж. б. ш-дын абасында) Б-дин бөлүнүшү байкалууда.