БЕРГЕН: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕ́РГЕН – Норвегиянын батышындагы шаар, Хордаланн фюлькесинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 237 миң (2004); калкынын саны б-ча Ослодон кийинки 2-шаар. Түндүк деңизинин жээгиндеги ири порт. Тоңбогон Бюфьорддун жээгинде жайгашкан. Осло ш. м-н темиржол аркылуу байланышат. Эларалык аэропорту бар. 1070-ж. чамасында негизделген. 1100-ж. бург (сепил) курулуп, Норвегия королдугунун маанилүү саясий борборуна айланган. Өзгөчө мүнөздөгү чатырлары, короолору ж-а гал-лары бар кампа-үйлөр сакталган. Булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. 1350-ж. Түн. Европанын ири соода борборунун бири. Хакон Vнин король залы ж-а Розенкранц мунарасы (16-к.), Ыйык Мария базиликасы (12-к-дын башы), ренессанс стилиндеги Ыйык Крест чиркөөсү бар. Учурда бул курулуштун бир азы (1702-, 1855-ж. өрттөн кийин) гана калган. Шаар 19-кдын орто ченинен эклектика стилинде курула баштаган. Коло эстеликтер (музыканттарга, жазуучуларга тургузулган) көп. Деңиз изилдөө инту (1900), ун-т (1946), ун-ттик коллеж (1994), экономика, бизнес-адм. (1936) жогорку мектеби, консерватория, музейлер, театрлар, филармония бар. Жыл сайын муз. фестивалдар өткөрүлүп турат. Нефть ажыратуу (жакшы өнүккөн), нефть-хим., балык иштетүүчү, кеме куруу, металлургия, электроника, текстиль, тигүү өнөржай ишканалары бар. Фортепиано жасоочу ф-ка (1896) иштейт.