БЕРДИБАЕВ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕРДИБАЕВ Абдрашит (1916-ж. т., Чүй обл., Москва р-ну, Малтабар кыш. – 1980, Фрунзе) – акын, төкмө ырчы, обончу, Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. кызматкер (1974). Ымыркай чагында эки көзү азиз болуп калган. Адегенде казактын домбрасын, 15 жашынан комуз черткен. Сарыкунан Дыйканбай уулунан «Жаныш- Байыш», «Кожожаш», «Болот менен Мөөр» («Ак Мөөр») дастандарын, обончу Ызакандын «Ак келин», «Сугатчы», «Бөдөнө-кыргый» деген ырларын үйрөнгөн. 1944–53-ж. Кыргыз мамл. филармониясында ырчылык кесипте эмгектенет. «Түшүмдө», «Кызыл гүл», «Жыттаганда гүлүңдү», «Сирень гүлү», «Жүрөгүмдүн сырын ук», «Селкиге кат», «Сырга», «Кызылчачы келиндин ыры», «Жүгөрү», «Пахтачы келин», «Менин өлкөм» ж. б. белгилүү ырлардын сөзүн, обондорун өзү чыгарган ж-а жумшак, мукамдуу үнү м-н аткарган. «Сынга сыпат толгондо», «Батмажан», «Тракторчу кыз» аттуу ырларына А. Малдыбаев, Б. Эгинчиев, Б. Исаков ж. б. обон чыгарган. Алгачкы ыры басма бетине 1938- ж. жарыяланган. Жыйнактары: «Ырлар жыйнагы» (1949), «Ырлар» (1958), «Добуш» (1965), «Адамдын жолу» (1965), «Тандалган ырлар» (1970), «Адамдарга ачык кат» (1970), «Даңктайм сени, Кыргызстаным» (1973). Айрым китептери орус тилине которулган.
Ад.: Алагушов Б. Булбулдар. Б., 1991.