БЕРДИКЕ БААТЫР: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕРДИКЕ БААТЫР , Б е р д и к е С ы р д ы б а й у у л у (болжолу 18-к-дын 20–30-жылдары, Талас өрөөнү, Бешташ капчыгайы – 18-к-дын 70- жылдары, Анжиян) – кыргыздардын Жуңгар хандыгына каршы күрөшүн уюштуруучулардын ж-а жетектегендердин бири. Саруу уруусунун алакчын уругунан. Кушчу, жетиген урууларынын башчысы Эр Солтоной, Итим баатыр, солто элинен Жайыл баатыр м-н Кошой, саяктардын Эр Садыр, сарбагыштан Атаке баатыр ж. б. м-н бирдикте кыргыз жергесин жуңгарлардан бошотууда айрыкча таанылган. Санжырачылардын айтуусуна караганда, Б. б. жоого киргенде жайдак ат минип, кылыч чаап, айбалта соккон. Эл арасында Б. б. калмактын Маркашка деген колбашчысы м-н ымалалаш болгондугу, кийин эрегиште аны набыт кылганы айтылат. Б. б. үч жыл Ысыккөлдүн тескейинде жашап, үйлөнүп-жайланган (анын урпактары азыр Саруу айылында турушат). Атаке баатыр Тынай бий уулу м-н дос, белкуда болушкан. Б. б-дын уулу Жаныбектин Анар деген кызына Атакенин Карабек деген баласы үйлөнгөн (андан Жантай төрөлгөн). Дагы бир маалымат б-ча, Анжиян ш-на жортуул уюштуруп, басып алат. Шаар башчысын бийликтен четтетип, анын вазиринин кызына үйлөнөт. Көчмөн турмуш шартына көнгөн Б. б. көбүнесе тышта-тоодо болуп, шаарды иш жүзүндө аялы башкарып калат. Мындай жагдай бара-бара калктын нааразылыгын туудуруп, төбөлдөр Б. б-га каршы тымызын кутум уюштурушуп, уу беришет. Абалы начарлаганын сезген Б. б. шаардан чыгып бара жатканда, катуу жараат алып, курман болот. Анын сөөгүн Бабата мазарына коюшуп, күмбөз тургузушкан.
Д. Сапаралиев.