БЕРКЕ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕРКЕ (1209–1266) – Алтын Ордонун ханы (1255–66). Жучунун үчүнчү уулу, Батыйдын
иниси. Жучунун тушунда эле Дашт-и-Кыпчак ж-а Түркстан аймагын башкарган. Ал бийликке келгенден кийин Алтын Ордо аймагында ислам дининин кабыл алынышы, ал жерде араб мад-тынын таралашына жагымдуу шарт түзгөн. Б-нин тушунда Алтын Ордо Моңгол империясына баш ийбей, өзалдынча болуп калган. Ал Актөбөгө Берке-Сарайын курдуруп, шаар 14-кдын 1-жарымында Алтын Ордонун борбору болот. Соода, колөнөрчүлүк өнүгүп, курулуш иштери жанданган. Б-нин доорунда Руста элден салык жыйноо максатында эл каттоо жүргүзүлүп (1257), салык жыйноо милдети баскактарга жүктөлгөн. Орус княздары өз аймактарын башкарууну Б. хан тарабынан берилген атайын жарлыктын негизинде гана жүргүзө алган. Баскактардын зомбулугу элдин нааразылыгын пайда кылып, 1259-ж. Новгороддо, 1262-ж. Суздалда, Ростовдо ж. б. жерлерде көтөрүлүштөрдүн чыгышына себеп болгон. 13-к-дын 50-жылдарынын аягында Литвага, Болгарияга ж. б. жерлерге жортуул уюштурган. 1262-ж. анын аскерлери тарабынан Византиянын ээликтери талкаланган. Б. 1266-ж. Кавказга жортуул жасаган учурунда кайтыш болуп, сөөгү Сарай-Беркеге коюлган.