БЕРЛИН: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕР ЛИ́Н – Германия нын борбор шаары; өлкөдөгү ири шаар, анын экон., маданий ж-а ил. борбору. ГФРдин Федерациялык жери статусуна ээ. Шпре д-на Хафель д. куя беришинде жайгашкан. Кеме жүрүүчү каналдар аркылуу Эльба ж-а Одер д. м-н туташат. Чоң Берлиндин борб. ж-а чыгыш бөлүгүндөгү Митте, Пренцлауэр-Берг, Фридприхсхайн, Трептов, Кёпеник, Лихтенберг, Вайсензе, Панков округдарын ээлейт. Аянты 891 км2. Калкы 1939-ж. 4,3 млн, 1945-ж. 2,8 млнго жакын, 1949-ж. 3,3 млн, азыр 3,4 млн (2005). 1990-жылдан өзалдынча адм. бирдик. Б. шаары 13-к-дын 1-жарымында пайда болгон. 1486-жылдан Бранденбургдун (кийин Пруссиянын), 1871–1945-ж. Германиянын борбору. Европадагы 2-дүйнөлүк согуштун акыркы этабында, 1945-ж. 2-майда сов. аскерлер Б-ди ээлешкен. Фашисттик Германия талкалангандан кийин, Б-дин аймагы СССР, АКШ, Улуу Британия ж-а Франциянын оккупациялык зоналарына бөлүнгөн. 1949-ж. 7-октябрда Германиянын чыгыш бөлүгүндө Германия Демокр. Респ. (ГДР) түзүлүп, Б. анын борбору болуп жарыяланган. 1961-ж. Варшава келишими Уюмуна кирген мамлекеттердин өкүлдөрүнүн сунушу б-ча ГДР м-н Батыш Берлинди бөлүп


турган Берлин дубалы курулган. 80-жылдардын аягындагы саясий өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, 1990-ж. дубал алынып салынган. ГДРдин ГФР м-н биригүүсүнөн кийин (3. 10. 1990), Б. Бириккен Германиянын федералдык борбору статусун алган.
Электр-тех., электрондук, прибор, оор ж-а жалпы машина куруу, хим., хим.-фармацевтика (дары-дармектер ж-а кылдат орг. синтез продуктулары), жеңил, тамак-аш өнөржайы өнүккөн. Маанилүү темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Шпре д-ндагы порт (жылына 2,6 млн тга жакын жүк ташылган). Метрополитен, Шёнефельд (Б-дин түш.-чыгыш чет жагында), Темпельхоф ж-а Тегель эларалык аэропорттору, ИА, Гумбольдт атн. ун-т иштейт. Трептов паркында Сов. Армиянын жоокерлерине эстелик тургузулган. Улуттук гал., «Берлинер ансамбль», «Комише опер» ж. б. музейлери, зоопарктар бар. Готика стилиндеги чиркөөлөр (13–14-к.), барокко ж-а классицизм ансамблдери (17–19-к.) сакталган. XI Олимпия оюндары (1936) өткөрүлгөн.