БЕРЛИН КОНГРЕССИ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕРЛИ́Н КОНГРЕССИ (1878) – Россия м-н Түркия ортосундагы 1877–78-ж-дагы согушту жыйынтыктаган Сан-Стефано тынчтык келишиминин шарттарын кайра кароо үчүн чакырылган эларалык конгресс. Буга Россиянын, Англиянын, Австрия-Венгриянын, Германиянын өкүлдөрү, о. эле Франция м-н Италиянын делегациялары катышкан. Конгрессте Германиянын канцлери Бисмарк төрагалык кылган. 1(13)- июлда Берлин трактатына кол коюлуп, Сан- Стефано келишиминин шарттары өзгөртүлгөн: ошол келишим б-ча Болгариянын курамына кирген Македония Түркияга кайтарылган; автономия алган Болгариянын аймагы жарымынан көбүрөөк кыскарган; Түш. Балкандын болгарлар жашаган аймагында автономиялуу деп саналган, бирок чынында султанга көзкаранды Чыгыш Румелия мамлекети түзүлгөн; Сербия, Черногория, Румыния көзкаранды эмес өлкөлөр деп жарыяланган; Австрия-Венгрия Босния м-н Герцеговинаны оккупациялоого «укук» алган. Россиянын карамагында Закавказьедеги Карс ж-а Ардаган округдары, Батум ш. м-н Бессарабиянын

түш. тарабы калган. Б. к-нин бул бүтүмдөрү Балкан согушуна (1912–13) чейин күчүндө турган.