БЕРМЕТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕРМЕТ – сууда жашаган кээ бир үлүлдөрдүн катуу кабыгы м-н ички жука кабыгынын ара­лыгында пайда болуучу, күмүштөй жалтырап, кубулуп туруучу саргыч түстөгү катуу, тоголок же формасыз өсүндү. Ошол эки кабыктын ара­сына майда кумга окшогон катуу заттар кирип, денесин өйкөп дүүлүктүргөндө, катуу ж-а ички кабыгы бөлүп чыгарган көмүр кычкыл кальций м-н аралашып, Б. пайда болот. Алар өтө кооз келип, шакек, сөйкө, билерик, чачпак, чолпу сыяктуу буюмдарды кооздоо үчүн пайдаланы­лат. Б. таруудайдан көгүчкөндүн жумурткасын­дай көлөмдө болот. Ал көлөмүнө, салмагына карата бааланат. Деңиз Б. Перс булуңу, Кызыл деңиз, Япония, Шри-Ланка, Австралия жээк­теринен; тузсуз сууда Б. Россия (Карелия, Мур­манск, Архангельск, Ы. Чыгыштан), Шотлан­дия, Германия, Кытай, Түн. Америка өлкөлө­рүндө алынат. Б. колго өстүрүү жолу м-н да (Япо­ния) алынууда.