БЕРМУДА АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕРМУ́ДА АРАЛДАРЫ (Веrmuda Islandes Веrmudas) – Улуу Британиянын ээлиги; Атлантика океанынын түш.-батыш бөлүгүндөгү коралл (шуру) аралдар тобу. 150гө жакын аралдан турат. Аянты 53,3 км2; ири аралдары: Бермуда (аянты 39 км2), Сент-Жоржес, Сомерсет,

Сент-Дейвидс. Калкы 65,4 миң. (2005); анын 70%и негрлер ж-а мулаттар; о.эле Улуу Британиядан, АКШдан, Австралиядан, Жаңы Зеландиядан келгендер (26%), португалиялыктар, филиппиндиктер, тамилдер ж. б. да бар. Калкынын 81%не жакыны христиандар, анын 15%тейи католик динин тутат. Адм. борбору – Гамильтон ш. Акча бирдиги – бермуда доллары. Расмий тили – англис тили. Адм.-айм. жактан 9 приходго ж-а 2 муниципалитетке (Гамильтон, Сент-Жорж) бөлүнөт. Б. а. океандык Бермуда плитасында жайгашкан. Аралдары түзөң, неогенде пайда болгон акиташ тектеринен түзүлүп, шуру (коралл) рифтери м-н курчалган. Деңиз деңг. эң бийик жери –

Бермуда аралынын деңиз жээги. Таун-Хилл тоосу (бийикт. 79 м) Бермуда а-нда жайгашкан. Башка аралдарында карст үңкүрлөрү, воронкалар көп. Климаты тропиктик, нымдуу. Эң суук (март) айынын орт. темп-расы 16,7°С, эң жылуу (август) айыныкы 26,7°С. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 1350 ммге
чейин. Июндан декабрга чейин катуу шамал ж-а деңиз толкуну болот. Агын суулары жок, жер астындагы тузсуз суулар пайдаланылат.
Бермуда а-нда эң ири туздуу көл – Харрингтон- Саунд жайгашкан. Гольфстрим жылуу агымынын таасиринен Б. а. аркылуу кораллдардын ж-а мангр токоюнун таралуусунун түн. чеги
өтөт. Жерг. өсүмдүктөрдүн өкүлдөрү (а. и. эндемик дарактары бар нымдуу, дайыма жашыл тропик токою, мис., бермуда арчасы) коргоого алынган жерлерде гана сакталган. Аралдарда куштардын 300дөн ашык түрү уялайт. Б. а-нда коргоого алынган табигый 20 аймак (аянты 69 га), эларалык маанидеги 5 суулуу-саздуу жер (24 га), 80 деңиз резерваты ж-а паркы (15,2 миң га) бар.
Б. а-н 1522-ж. деңиз саякатчысы Х. Бермудес ачкан. Анг. алгачкы айыл 1609-ж. пайда

болгон. 1684-жылдан Англиянын колониясы. 1968-ж. конституциясы кабыл алынып, ага ылайык ички өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ болгон. Британиялык монарх дайындаган губернатор башкарган. 1989-ж. британиялык бийлик Б. а-на эгемендүүлүк берүүдөн баш тарткан.
Ички дүң продукциясы (ИДП) 2,33 млрд доллар (2003); киши башына 36 миң доллардан туура келет, бул көрсөткүч б-ча Б. а. дүйнөдө эң ал-

дыңкы орунду ээлейт. ИДПнин 89% тейлөө
чөйрөсүнөн, 10% өнөржайынан, 1%и айыл чарбасынан түшөт. Экономикасынын негизин чет элдик туризм, офшордук финансы тейлөөсү, о. эле Бермуданын желеги м-н жүргөн деңиз кемелерин каттоо түзөт. Жылына аралга 300 миңдей турист келет (анын 80% АКШдан), андан жылына 350 млн доллардан ашык киреше түшөт. Туризмдин өсүшүнө эларалык аэропорттордун, отелдердин курулушу ж-а круиз кемелеринин рейстерин уюштуруу зор өбөлгө түздү. Аралдардын жумшак климаты, кумдуу жээктери, жогорку деңгээлдеги тейлөө туристтерди өзүнө тартат. Дайвинг, сноркелинг (коралл рифтерин, чөккөн кемелерди көргөзүү), виндсёрфинг өнүккөн. Б. а. дүйнөдөгү бирден бир офшордук финансы борбору, бул жерде 11 миңден ашык эларалык компания ж-а фирма катталган. Өлкөдө киреше салыгы, пайдадан алынуучу ж-а кошумча баа салыгы жок, кыймылсыз мүлккө ж. б-га салык салынбайт; офшордук компаниялар кайра катталуу үчүн гана акы төлөйт. Б. а-на 103 соода кемеси катталган, алардын 27си британиялык, 20сы амер., 20сы канадалык, 9у швециялык жеке менчик ээлерине таандык. Сувенир, фармацевтика продуктуларын, парфюмерия, курулуш материалдарын өндүрөт, кеме ремонттоочу өнөржайы бар. Жеринин 6% аянты гана дыйканчылыкка жарактуу. Азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн сырттан алат. Эрте бышкан жашылчаларды (брокколи, пияз, помидор, сабиз), жемиштерди (цитрус өсүмдүктөрүн, а. и. грейпфрут, инжир) өстүрүшөт. Жээктерден балык кармалат. Сырткы экон. байланышын негизинен АКШ, Улуу Британия, Франция м-н жүргүзөт. Экспортунда тейлөө кызматы үстөмдүк кылат. Товарлардын ж-а сырьёнун басымдуу бөлүгүн импорт түзөт.
Автомобиль жолунун уз. 450 км. Архипелагдын 8 аралы Бермуда а. м-н көпүрөлөр, о.эле паром аркылуу байланышат. Деңиз порттору: Гамильтон, Сент-Жорж, Докъярд, эларалык аэропорту Сент-Дейвидс а-нда жайгашкан. Б. а-на жакын Бермуда үч бурчтугу жайгашкан.
13 –100