БЕРН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
3 сап: 3 сап:
чептер (15-к.), готика стилиндеги Санкт-Винценц собору (1421–1588), ратуша (1406–17), арх-ралык
чептер (15-к.), готика стилиндеги Санкт-Винценц собору (1421–1588), ратуша (1406–17), арх-ралык
эстеликтер сакталган. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
эстеликтер сакталган. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]

09:20, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕРН – Швейцариянын борбор шаары (1848- жылдан), Берн кантонунун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Ааре д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 123 миң (2005, чет-жакасы м-н 300 миң). Маанилүү жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. Машина куруу (а. и. электр-тех., прибор

Берн шаарынын жалпы көрүнүшү.

куруу), хим.-фармацевтика, кийим тигүү, поли­графия, тамак-аш (а. и. шоколад) өнөржайы иштейт. Туризм борбору, 20-к-дын башында орус рев-ялык эмиграция борборунун бири болгон. Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун бюросу, Эла­ралык телебайланыш союзу ж. б. эларалык уюм­дар иштейт. Швейцария, Альп, Почта, Тарыхый, Көркөм ж. б. музейлери; обсерватория, ботан. бак бар. 1191-ж. негизделген. 1218-ж. империялык Эркин шаар статусуна ээ болуп, 1353-ж. Швей­цария Конфедерациясына кирген. О. кылымдагы

чептер (15-к.), готика стилиндеги Санкт-Винценц собору (1421–1588), ратуша (1406–17), арх-ралык эстеликтер сакталган.