БЕТОН ИШТЕРИ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕТО́Н ИШТЕРИ – бетон ж-а темир-бетон констр-ларын, курулмаларын тургузууда аткарылуучу курулуш иштеринин комплекси. Аларга төмөнкүдөй негизги процесстер кирет: бетон аралашмасын даярдоо, аны курулуш аянтына жеткирүү, калыпка (опалубка) куюп, тыгыздоо ж-а анын кургап катышына шарт түзүү, о. эле калыпты алып таштоо. Бетон аралашмасын даярдоодо алгачкы материалдын сапаты, курамын түзүүчү заттарды туура ж-а так тандоо ж-а жакшылап аралаштыруу мааниге ээ. Бетон аралашмасы атайын жайдагы бетон аралаштыргычта даярдалат, анын компоненттери (цемент, толтургучтар, суу ж-а ар кандай кошумчалар) 1–2 %ке чейинки тактыкта ченелет. Бетон аралашмасы жетишсиз аралаштырылса, бетондун касиети начарлап, анын бышыктыгы төмөндөйт. Бетонду «кароо» – темп-ранын режимин кармоо, темп-радан болуучу деформацияны болтурбоо аракети, катып жаткан бетонду уруудан сактоо ж. б. Бетондун ачык жерлерин суулап, бетин жаап, кышында жылуулап туруу натыйжалуу болуп эсептелет.