БЕТТИК ЭНЕРГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕТТИК ЭНЕ́РГИЯ – молекулалар арасындагы өзара тартылуу күчтөрү түрдүүчө чоңдукта бол­гон эки фазанын (телонун) тийишүү чегиндеги беттик катмардын кошумча энергиясы. Б. э. беттин түзүлүшүнө кеткен энергиядан, б. а. мо­лекулалардын (атомдордун) фаза көлөмүнөн бет­тик катмарга которулушунда молекулалардын (атомдордун) өзара аракеттешүү күчүн жеңүүгө кеткен жумуштан ж-а бул процесске байланыш­кан жылуулук эффектисинен турат. Термод. көзкарандылыкка ылайык толук салыштырма­луу Б. э.: и =cr + q = cr – Т (crq/crТ), мында cr – кыймылдуу суюктук үчүн беттик тартылуунун маанисине дал келүүчү салыштырмалуу эркин Б. э., q – беттик бирдик аянтынын катылган жылуулугу (байланган энергия), Т – абс. темп­ра, crq/crТ – терс чоңдуктагы салыштырмалуу беттик энтропия. Т жогорулаганда эркин Б. э. сызыктуу азаят.