БЕТХОВЕН: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕТХО́ВЕН Людвиг ван (17. 12. 1770, Бонн – 3. 1827, Вена) – немис композитору, пианист ж-а дирижёр. Чоң атасы Бонндогу аксарай капелласынын жетекчиси, атасы ырчы болгон.

Б. 12 жашынан
музыка жаза баштаган. Венага келген соң (1792) тез эле пианист-төкмө катары даңкы чыгат. Венадагы алгачкы он жылдын ичинде Биринчи ж-а Экинчи симфонияны, 6 квартет, фортепьяно үчүн соната ж. б. чы г а рм ал а р д ы жаратат. 1804-ж. Үчүнчү («Баатырдык»), Төртүнчү (1806), дүйнөгө атагы кеткен Бешинчи ж-а Алтынчы симфония-
ларды (1808), фортепьяно үчүн айтылуу ¹ 21
(«Аврора») ж-а ¹ 23 («Аппасионата») сонаталарды, «Фиделио» операсын, Гётенин «Эгмонт» трагедиясына музыка (1810), Жетинчи ж-а Сегизинчи симфонияны жазган. Кийинки мезгилде жазган чыгармаларынын шедеври – Тогузунчу симфониясы 1824-ж. 7-майда 1-жолу аткарылган. Б-дин чыгармалары ушул кезге чейин дүйнөлүк музыканын өсүшүнө зор таасир тийгизип келе жатат.
Ад.: Альшванг А. А. Л. ван Бетховен. Очерк жизни и творчества. 5-изд. М., 1977.