БЕХБУДИЙ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕХБУДИЙ Махмудкожо (10. 3. 1874, Өзбекстан, Самаркан – 25. 3. 1919, Карши ш.) – Түркстандагы жадиддик козголоңдун жетекчилеринин бири, өзбек драматургу, журналист, коомдук ишмер. Самаркан медресесин бүтүргөн (1884). 1900-ж. Египет м-н Түркияга саякат жасаган. 1903-ж. Казан м-н Уфа ш-нда болуп, андагы жадид мектептери м-н таанышат. 1904-ж. Самарканда жадид мектебин ачкан. Жадид мектептерине арнап «Кыскача жалпы география», «Ислам тарыхы» окуу китептерин, «Түркстан, Бухара жана Хива картасын» бастырып чыгарган. Россия империясындагы түрк тилдүү мусулман элдерин биримдикке чакырган макалалар жарыялаган. «Россия мусулмандарынын союзу» уюмунун программасын колдогон. 1908-ж. Самарканда акысыз китепкана ачат. 1911-ж. «Падаркуш» («Ата өлтүргүч») аттуу пьеса жазат. Бул биринчи өзбек драмасы болгон. «Айна» журналын чыгарган. 1917-ж. апрелде Ташкен ш-нда өткөн мусулмандардын 1-съездине катышат. Ошол жылы 28-ноябрда өткөн Түркстан мусулмандарынын 4-съездинде Түркстан автономиясы өкмөтүнүн курамына шайланган. Б. 1919-ж. январда Бакуга бара жатканда Бухара эмиринин бектеринин колуна түшүп, камакка алынып, Карши ш-нда кыйноо тартып өлтүрүлгөн. <ParaBr>Ад.: Программные документы мусульманских политических партий, 1917–1920 гг. Оксфорд, 1985; Худайкулов А. М. Просветительская деятельность джадидов Туркестана (конец XIX–начало XX вв.). Т., 1995.