БЕШ-АРАЛ КОРУГУ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕШАРАЛ КОРУГУ – жаныбарлары коргоого алынган аймак. Чаткал тоосунун түн.- батыш капталында, Терс суусунун алабында жайгашкан. 1979-ж. Батыш Теңиртоонун көптөгөн сейрек ж-а жоголуп бараткан жаныбарларын, айрыкча бүткүл дүйнөлүк Кызыл китепке катталган мензбир суурун сактоо максатында уюшулган. Аянты 116,7 миң га. Корук деңиз деңг. 950– 2300 м бийиктикте жайгашкан. Чаткал өрөөнүнүн төр жагы акырындап кууш капчыгайга, анан кенен төрлөргө өтөт. Орто бөлүгү тектирлүү түздүк; төмөн жагы шаңшаар. Тоо капталдары капчыгайлуу. Өрөөн аркылуу Чаткал суусу агат. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы –13,5°С, июлдуку 16,7°С. Жылдык жаан-чачыны 250–700 мм. Жарымчөл, кургак талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадал аралаш шалбаалуу талаа, сейрек арча токою, субальп (2000–3500 м) ж-а альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Коруктун аймагына саванна сымал ж-а дүңгөлүү талаа ландшафты, түрдүү чөптүү шалбаа мүнөздүү. Токой ж-а сейрек токой массивдери 30 миң гадай жерди ээлейт. Өсүмдүктүн 300гө жакын түрү бар, анын 30 чанда кездешүүчүлөрдөн. Талааларда аюучач, шашыр ж. б. басымдуу. Жоогазын, шыбак, пскем пиязы, чекенде, кызылот, кымыздык ж. б. да өсөт. Дарак өсүмдүктөрдөн арча, карагай (Каратокодо), бадалдардан мисте, Чаткал д-нын ж-а анын куймаларынын жайылмаларында терек, тал, кайың, бөрүкарагат, итмурун, табылгы, изирик, долоно, шилби, ыргай, чычырканак ж. б. кездешет. Өрөөндүн төмөн жагында (батышында) жаңгак, алма, алча, айвансари токою бар. Тоо капталдарын бетеге, аккылкан ж. б. талаа өсүмдүктөрү ээлейт. Корук аймагындагы өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү – арум, илария, кулунчак, жоогазын, пскем пиязы, гирча ж. б. мурдагы СССРдин Кызыл китебине катталган. Жаныбарлар дүйнөсүнө бай. Мында түлкү, аркар, тоо эчки, элик, кашкулак, кара суур, карышкыр, күрөң аюу, кундуз, илбирс, суусар, суукүсөн, мадыл мекендейт. Канаттуулардан бүркүт, бакачы куш, ылаачын, ителги, жору да бар. Алардын баары Кызыл китепке катталган. Корук 7 токойчулук аймагына (Каракулжа, Башкытерек, Чаткал, Кеңбулуң, Акташ, Бешарал, Араб) бөлүнгөн. Ар бири өз аймагын коруйт.
А. Осмонов.