БЕШБЕЛЧИР-АРАШАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕШБЕЛЧИР-АРАШАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга жарамдуу жылуу булактар. Нарын обл-нун Атбашы р-нунда, Нарын ш-нан 90 км, Атбашы кыш-нан 60 км түш.-чыгыш тарапта, Атбашы кыркатоосунун түш.-чыгыш капталындагы Арашан өзөнүнүн боюнда, деңиз деңг. 3300 м бийиктикте. Булактар жерг. элге илгертен белгилүү болсо да, алар ж-дө алгачкы геол. маалымат 1920-ж. берилген. Суу девон мезгилинде пайда болгон акиташ тоотек катмарларынан чыгып, бири биринен 30 км аралыкта жайгашкан эки кайнар булактан турат. Дарылоочу негизги табигый фактору – көмүр кычкыл газдуу (СО2–0,44–1,3 г/л), гидрокарбонатнатрий-кальцийлүү суу (минералдануусу 3,5 г/л, темп-расы 20°С); суткалык дебити 436 м3. Сууну ичүүгө ж-а ичеги-карын, бөйрөк ооруларын дарылоого болот. Суусу дарылануу үчүн ж-а суусундук катары «Арашан» деген ат м-н бөтөлкөгө куюлуп алынат.