БЕШ-БУРКАН КҮРӨҢ КӨМҮР КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕШБУРКАН КҮРӨҢКӨМҮР КЕНИ Ош обл­нун Ноокат р-нунда, Кызылкыя ш-нан 12 км түш.-чыгыш тарапта, Тахтек өрөөнүндө. Кен 1987–88-ж. издөө иштеринин негизинде ачыл­ган. 1989–91-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Төмөнкү юра катмарында татаал түзүлүштөгү бир көмүр кабаты аныкталган. «Негизги» деп аталган кабаттын калыңдыгы 1,47 мден 37,19 мге чейин өзгөрөт. Көмүр 3Б маркасына таандык, орт. күлдүүлүгү 19,4%, орт. табы 28,5 МДж/кг (6808 ккал/кг). Запасы (В+С1 категориясы б-ча) 37344 миң т.