БЕШКЕН-ТАГАП-ТАШ-РАБАТ НЕФТЬ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕШКЕН-ТАГАП-ТАШРАБАТ НЕФТЬ КЕНИ Баткен обл-нун Лейлек р-нунда, Бешкен, Та­гап кыш-нан 2–5 км түндүктө, Сүлүктү ш-нан 20 км түн.-чыгышта. Кен 1976–78-ж. Жалала­бат нефть чалгындоо экспедициясы структура­лык-издөө ж-а бургулоо иштерин жүргүзгөндө ачылган. Нефть палеоген мезгилинин III, IV кабаттары м-н байланышкан. Кумдук тоотеги­нен турган III, IV кабаттары 1200–1800 м терең­дикте жайгашкан. Кен үч участокко бөлүнөт: Бешкен, Тагап ж-а Ташрабат. Бешкен участо­гундагы III кабаттын калыңдыгы 3,06 м, нефть сакталган аянты 12,458 км2, баштапкы иштеп чыгаруу запасы В – 743,8 миң т, 1997-жылга карата запасы В–476 миң т. Нефтинин сапат­тык көрсөткүчтөрү: тыгыздыгы – 0,868 г/см3, парафиндүүлүгү – 10,8%, күкүрттүүлүгү – 0,37%, курамында чайыр ж-а асфальтен – 57%. Кабат­тын темп-расы 50°С. Тагап участогунда III ка­баттын калыңдыгы 2,45 м, нефть сакталган аян­ты – 6,495 км2, баштапкы иштеп чыгаруу запа­сы В–292 миң т, 1997-жылга карата запасы В – 118 миң т. Нефтинин тыгыздыгы – 0,867 г/см3. Курамында парафин – 25%, күкүрт – 0,21%, чайыр ж-а асфальтен – 62%. Кабаттын темп­расы 35°С. Ташрабат участогу IV кабаттын ка­лыңдыгы 2,04 м, нефть сакталган аянты – 9,806 км2, баштапкы иштеп чыгаруу запасы С –195,9 миң т, 1997-жылга карата калган запасы С –191 миң т. Нефтинин тыгыздыгы 0,870 г/см3. Кура­мында парафин – 21,4%, күкүрт – 0,31%, чайыр ж-а асфальтен – 73%. Кабаттын темп-расы 42°С.