БЕШ-КӨЛ ТУЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕШКӨЛ ТУЗ КЕНИ Жалалабат обл-нун Тогузторо р-нунда, Нарын д-нын сол жээгинде, Тунуктуз туз кенинен 25 км чыгыш тарапта, деңиз деңг. 2200 м бийиктикте. Геол изилдөөлөр 1927-, 1941-, 1977-ж. жүргүзүлгөн. Неоген мезгилинин туздуу-гипстүү катмарларынын арасында галиттин 8 кабаты кездешет. Неоген катмарынын калыңдыгы 200 мге жетип, 500 м созулуп жатат. Туз кабаттарын туздуу чопо, чополуу галит катмарчалары бөлүп турат. Таза галит кабатынын калыңдыгы 1,5–3,5, чополуу галиттин калыңдыгы 2 м. Туз мал жегенге жарайт. Туздун болжолдуу ресурсу 315 миң т.