БЕШ-ТАШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕШТАШ – Талас р-нундагы суу, Талас д-нын сол куймасы. Уз. 54 км, алабынын аянты 314 км2. Талас Алатоосунун борб. бөлүгүндөгү Бешташ ашуусундагы мөңгүдөн башталып, кууш Бешташ капчыгайы аркылуу түн.-батышты карай агат. Талас өрөөнүнө чыкканда түндүккө бурулат. Жылдык орт. чыгымы 3,55 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы – 55,4 м3/сек, эң азы – 0,37 м3/сек. Июнь айында кирип, августта тартылат. Жалпы уз. 192 кмге жеткен 88 куймасы бар. Эң ирилери: Кайыңды, Өмүр, Карагайлы, Терек, Туюктөр, Коргоншанык (сол), Корумду, Кыркколот, Төбөй, Атчыкпас (оң). Алабында жалпы аянты 0,79 км2 келген 7 тоо көлү бар; эң ириси – Бешташ көлү. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Козучак, Балбал, Хивинка кыш. жайгашкан.