БЕШ-ТАШ-КОРОО БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ЖАНА ПЕТРОГЛИФТЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''БЕШ-ТАШ-КОРОО БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ЖАНА ПЕТРОГЛИФТЕРИ''' – байыркы түрк доо­руна (VII–VIII кылымдар) таандык археологиялык эстеликтердин тобу. Алар Кочкор өрөөнүнүн чыгыш тарабын­дагы Кара-Тоонун этегинде жайгашкан. Аска бе­тине түшүрүлгөн тоо текелердин, ритуалдык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү арбын. Тоо текелерге жаа менен аңчылык кылуу көрүнүштөрү, ошондой эле жылкы, түлкү, карышкыр өңдүү жаны­барлардын чегип түшүрүлгөн келбеттери да кез­дешет. | ||
[[File:БЕШТАШКОРОО БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ЖАНА ПЕТРОГЛИФТЕРИ99.png | thumb | Байыркы түрк көрүстөнү (аты м-н көмүлгөн маркум; Бешташкороо III).]] | [[File:БЕШТАШКОРОО БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ЖАНА ПЕТРОГЛИФТЕРИ99.png | thumb | Байыркы түрк көрүстөнү (аты м-н көмүлгөн маркум; Бешташкороо III).]] Сак-усун доорундагы көрүстөндөрдүн көпчүлүгү изилденген. Көрүстөндөрдүн ичинен байыркы түрк дооруна караштуу көрүстөндөр өзгөчө маанилүү. | ||
өзгөчө маанилүү. Алар тоо этегине жакын түзөң 3 коктуда жайгашкан. Маркумдун аты | Алар тоо этегине жакын түзөң 3 коктуда жайгашкан. Маркумдун аты менен кошо коюу салтына ылайык, көрүстөндөрдөн жоокер­дин, аялдын, ал тургай жаш баланын да жа­нынан аттын сөөгү, ооздугу, ээри, үзөңгүлөрү табылган. Ал эми маркумдун өзү гана көмүлгөн көрүстөндөгүлөрдү тирүү кезинде социалдык аба­лы төмөн адамдар болгон деп болжоого болот. Маркумдун баш жагына койдун жото жилигин (чүкөлүү жилик) коюу салты ошол доордо калыптанып, XIII–XIV кылымдарга чейин уланган. Археологиялык эстеликти 1991–1994-жылдары К. Табалдиев жетектеген археологдор тобу изилдеген. | ||
<p align='right'>''К. Табалдиев.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | <p align='right'>''К. Табалдиев.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
05:06, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕШ-ТАШ-КОРОО БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ЖАНА ПЕТРОГЛИФТЕРИ – байыркы түрк дооруна (VII–VIII кылымдар) таандык археологиялык эстеликтердин тобу. Алар Кочкор өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы Кара-Тоонун этегинде жайгашкан. Аска бетине түшүрүлгөн тоо текелердин, ритуалдык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү арбын. Тоо текелерге жаа менен аңчылык кылуу көрүнүштөрү, ошондой эле жылкы, түлкү, карышкыр өңдүү жаныбарлардын чегип түшүрүлгөн келбеттери да кездешет.

Сак-усун доорундагы көрүстөндөрдүн көпчүлүгү изилденген. Көрүстөндөрдүн ичинен байыркы түрк дооруна караштуу көрүстөндөр өзгөчө маанилүү.
Алар тоо этегине жакын түзөң 3 коктуда жайгашкан. Маркумдун аты менен кошо коюу салтына ылайык, көрүстөндөрдөн жоокердин, аялдын, ал тургай жаш баланын да жанынан аттын сөөгү, ооздугу, ээри, үзөңгүлөрү табылган. Ал эми маркумдун өзү гана көмүлгөн көрүстөндөгүлөрдү тирүү кезинде социалдык абалы төмөн адамдар болгон деп болжоого болот. Маркумдун баш жагына койдун жото жилигин (чүкөлүү жилик) коюу салты ошол доордо калыптанып, XIII–XIV кылымдарга чейин уланган. Археологиялык эстеликти 1991–1994-жылдары К. Табалдиев жетектеген археологдор тобу изилдеген.
К. Табалдиев.