БЕШ-ТАШ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕШТАШ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Талас р-нунда, Талас ш-нан 1–3 км түш.-чыгыш тарапта, Беш­таш суусунун чатында, деңиз деңг. 1280–1340 м бийиктикте. 1967-ж. Түн. Кыргыз геол. экспе­дициясы тарабынан геол. чалгындоо жумушта­ры жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагы антропоген мезгилинин аягында пайда болгон аллювий-пролювий чөкмөлөрүнөн турат. Кен негизинен 25,8–53,9% шагылдан, 30,1–61,4% койташтардан ж-а 9,6–25,3% кум-чоподон ту­рат. Уз. 3,3 км, туурасы 500–600 м келген аянт­тагы кум-шагылдын жалпы запасы 12803 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы: А–412 миң м3, В–3343 миң м3, С –6125 миң м3. Кенде­ги кум-шагыл «300» маркасындагы бетон жа­соого жарамдуу.