БЕШ-ТАШ ТУФ-ЛАВА КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕШТАШ ТУФ-ЛА́ВА КЕНИ Талас р-нунда, Талас ш-нан 25 км түш. тарапта, Бешташ капчыгайынын ортоңку бөлүгүндө, деңиз деңг. 1900– 2400 м бийиктикте. 1972–73-ж. геол. издөө жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын брахиантиклиналдын борборунда жаткан яшма сымал, ачык түстүү туф-лавасы түзөт. Кооз таштар– липарит курамындагы туф, кээде туфит ж-а туфлавасы. Калыңдыгы 20–30 см, чанда 1,5 мге чейинки кабатчалар түрүндө. Өңү негизинен ачык жашыл, анда-санда күрөң, кызгылт күрөң, агыш боз, ак, кызгылт боз, каралжын боз. Алар кезектешип жайгашкан. Таш өтө морт, кооз көрүнөт. Болжолдуу ресурсу 600 миң м3. Таштан мозаикалык кооз буюмдарды жасоого болот. Ал эми майда сыныктары көркөмдүк үчүн бетонго кошмо катары пайдаланууга жарактуу.