БИЙ (искусство түрү): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИЙ 1 – иск-вонун адамдын дене кыймылынын жардамы м-н көркөм образ жаратуучу түрү. Б. түпкүлүгүндө байыркы магиялык оюндардан, эмгек процессине байланыштуу кыймыл-аракет­терден келип чыккан. Алгач Б. сөз м-н обонго байланыштуу болгон. Тарыхый өнүгүүнүн на­тыйжасында музыка м-н жашай турган өнөрдүн бир тармагына айланган. Жаратылыш кубулуш­тарын, аңчылык м-н согуш көрүнүштөрүн белги-

«Ак марал» мамлекеттик бий ансамблинин аткаруу­сунда «Кызыл гүл» бийи.

лүү тартипке түшүрүлгөн ыргактуу кыймыл м-н туюнтуу Байыркы Кытай ж-а Индияда эң жо­горку деңгээлге жеткен. Байыркы Римде көңүл ачуу, ал эми Байыркы Грекияда тарбия кара­жаты болгон. О. кылымда дин өкүлдөрү Евро­пада бийчилерди куугунтуктаган. Кайра жара­луу доорунда Италия, Франция ж. б. өлкөлөр­дө Б. кайрадан өнүгүп, коомдук колдоого алын­ган. 16-к-дын акырында балет өнөрү өзүнчө өнү­гө баштайт. Францияда королдук бий академия­сы (1661) уюшулат. 17–19-к-да гавот, полонез, менуэт, мазурка, краковяк Б-лери өнүгөт. 19-к­дын аягы – 20-к-дын башында бир катар Евро­па өлкөлөрү м-н АКШда Б-дин жаңы түрлөрүн киргизүүгө болгон далалат күчөйт. Б-лер элдик, балеттик, классикалык болуп бир нече түргө бөлүнөт. Балетмейстер Н. Холфин кыргыздын элдик оюндарынын, ырым-жырымдарынын, эм­гек процесстеринин негизинде «Кийиз» деген туң­гуч Б-ди, «Алтын кыз» муз. драмасына, «Айчү­рөк» операсына бийлерди жаратты. Кийин ал

«Анар», «Селкинчек» балеттерине элдик бийлер­ди көбүрөөк пайдаланган. «Чолпон», «Алатоодогу жаз», «Куйручук», «Асел» ж. б. балеттери улут­тук Б-дин мыкты үлгүлөрүнө айланды. 1966-ж. кыргыздын элдик бий ансамбли уюшулган, к. «Акмарал» мамлекеттик бий ансамбли.

Ад.: Ткаченко Т. С. Народный танец. М., 1954; Львов Н. Киргизский театр. М., 1953.


Б. Алагушов.