БИЙИКТИК (геометриялык түшүнүк): нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БИЙИКТИК 1 — геом. фигуранын чокусунан негизине түшүрүлгөн перпендикулярдын кесиндиси, о. эле ошол кесиндинин узундугу. Ал фигуранын аянтын же көлөмүн аныктоодо колдонулат. Үч бурчтуктун, пирамиданын, конустун бийиктиги - чокусунан негизине же анын уландысына түшүрүлгөн перпендикулярдын кесиндиси; параллелограммдын, призманын, цилиндрдин Б-и - параллель жактар же негиздер

арасында камалган жалпы перпендикулярдын кесиндиси; шар алкагынын Б-и - негиздериндеги параллель тегеректер арасындагы аралык; шар сегментинин Б-и - негизине перпендикуляр болгон шар радиусунун негиз м-н анын шар бетинин арасындагы бөлүгү; тегеректин сегментинин Б-и - тегеректин, сегменттин негизине перпендикуляр радиустун негиз м-н айлананын же тегеректин арасында жаткан бөлүгү. Чиймеде үч бурчтуктун, трапециянын ж-а кесилген конустун Б-и сүрөттөлгөн.
Б. Э. Канетов, Б. Ш. Шабыкеев.