БИЙЛИКТИН БӨЛҮНҮҮ ТЕОРИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БИЙЛИКТИН БӨЛҮНҮҮ ТЕОРИЯСЫ – бийлик укуктарын мамл. бийликтин бутактарына бөлүштүрүп берүү. Аристотель ж-а Цицерон иштеп чыккан «аралаш башкаруу» идеясынан келип чыккан. Жаңы мезгилдеги пайда болгон европ. саясий ой жүгүртүүдө Б. б. т-н Ж. Локк негиздеп, Ш. Монтескье, А. Гамильтон, Ж. Мэдисон өнүктүрүшкөн. Б. б. т-нын негизги маңызы: 1) мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийликтери конституцияга ылайык адамдарга ж-а органдарга берилет; 2) бийликтердин бирөө да экинчи бир бийликти өзалдынча, жок кыла албайт; 3) конституция тарабынан бийликтердин бирөөнө берилген укуктан экинчи бирөөлөрү пайдалана албайт; 4) сот бийлиги саясий таасирлерге көзкаранды болбостон, аракет кылат, соттор кызмат ордунда узакка чейин иштөө укугуна ээ. Бийлик укуктарынын вертикалдык бөлүнүшү ар түрдүү деңгээлдеги мамл. башкаруунун субъектилеринин ортосунда бийлик укуктарынын бөлүнүшүн көрсөтөт; горизонталдык жактан болсо, бийлик укуктары бийликтин үч органына (бийликтин «бутактары») – мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийликтерине бөлүнөт.