БИЙЛИКТИН БӨЛҮНҮҮ ТЕОРИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИЙЛИКТИН БӨЛҮНҮҮ ТЕОРИЯСЫ''' – бийлик укуктарын | '''БИЙЛИКТИН БӨЛҮНҮҮ ТЕОРИЯСЫ''' – бийлик укуктарын мамлекеттик бийликтин бутактарына бө­лүштүрүп берүү. Аристотель ж-а Цицерон иш­теп чыккан «аралаш башкаруу» идеясынан ке­лип чыккан. Жаңы мезгилдеги пайда болгон европалык саясий ой жүгүртүүдө Бийликтин бөлүнүү теориясын Ж. Локк негиздеп, Ш. Монтескье, А. Гамильтон, Ж. Мэ­дисон өнүктүрүшкөн. Бийликтин бөлүнүү теориясынын негизги маңы­зы: 1) мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бий­ликтери конституцияга ылайык адамдарга ж-а органдарга берилет; 2) бийликтердин бирөө да экинчи бир бийликти өз алдынча, жок кыла албайт; 3) конституция тарабынан бийликтер­дин бирөөнө берилген укуктан экинчи бирөө­лөрү пайдалана албайт; 4) сот бийлиги саясий таасирлерге көз каранды болбостон, аракет кы­лат, соттор кызмат ордунда узакка чейин иштөө укугуна ээ. Бийлик укуктарынын верти­калдык бөлүнүшү ар түрдүү деңгээлдеги мамлекеттик башкаруунун субъектилеринин ортосунда бий­лик укуктарынын бөлүнүшүн көрсөтөт; горизон­талдык жактан болсо, бийлик укуктары бий­ликтин үч органына (бийликтин «бутактары») – мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийликтери­не бөлүнөт. | ||
органдарга берилет; 2) бийликтердин бирөө да экинчи бир бийликти | |||
6 сап: | 5 сап: | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
03:15, 7 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БИЙЛИКТИН БӨЛҮНҮҮ ТЕОРИЯСЫ – бийлик укуктарын мамлекеттик бийликтин бутактарына бөлүштүрүп берүү. Аристотель ж-а Цицерон иштеп чыккан «аралаш башкаруу» идеясынан келип чыккан. Жаңы мезгилдеги пайда болгон европалык саясий ой жүгүртүүдө Бийликтин бөлүнүү теориясын Ж. Локк негиздеп, Ш. Монтескье, А. Гамильтон, Ж. Мэдисон өнүктүрүшкөн. Бийликтин бөлүнүү теориясынын негизги маңызы: 1) мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийликтери конституцияга ылайык адамдарга ж-а органдарга берилет; 2) бийликтердин бирөө да экинчи бир бийликти өз алдынча, жок кыла албайт; 3) конституция тарабынан бийликтердин бирөөнө берилген укуктан экинчи бирөөлөрү пайдалана албайт; 4) сот бийлиги саясий таасирлерге көз каранды болбостон, аракет кылат, соттор кызмат ордунда узакка чейин иштөө укугуна ээ. Бийлик укуктарынын вертикалдык бөлүнүшү ар түрдүү деңгээлдеги мамлекеттик башкаруунун субъектилеринин ортосунда бийлик укуктарынын бөлүнүшүн көрсөтөт; горизонталдык жактан болсо, бийлик укуктары бийликтин үч органына (бийликтин «бутактары») – мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийликтерине бөлүнөт.