БИЛГЕ (МОГИЛЯН) КАГАНДЫН ЭСТЕЛИГИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БИЛГЕ (МОГИЛЯН) КАГАНДЫН ЭСТЕЛИГИ – о. кылымга таандык (683–735) археол. эстелик. Монголиядагы Орхон д-нын боюндагы Эрдени Цзу будда монастрынан 60 км түн. жагында жайгашкан. Б. к. э. 1889-ж. Н. М. Ядринцев тарабынан табылган. Эстелик Билге каганга арналган, мазмуну б-ча Күлтегин эстелигине жакын. Эстеликтеги жазмада: «Мен бар, бай элге хан болбодум. Мен сыртында тону, ичкенге ашы жок элге хандыкка келдим»,– деп баяндалат, о. эле Билге кагандын ички ж-а тышкы саясаты, анын жортуулдары ж-дө да маалымат берилет. Жазуунун акырында Билге кагандын тууганы Йолык тегин бир ай төрт күн ичинде ташка жазуу чегип, эстелик тургузгандыгы баяндалат.