БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ''' – билим берүү системасындагы олуттуу өзгөрүүлөр. Азыркы мезгилде анын укуктук ж-а нормативдик неги­зи болуп «Билим берүүнү өнүктүрүү концепция­сы», «Билим берүү жөнүндө» мыйзам ( | '''БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ''' – билим берүү системасындагы олуттуу өзгөрүүлөр. Азыркы мезгилде анын укуктук ж-а нормативдик неги­зи болуп «Билим берүүнү өнүктүрүү концепция­сы», «Билим берүү жөнүндө» мыйзам (2004) эсеп­телет. Эгемендүүлүк жылдарындагы билим берүү системасындагы негизги өзгөрүүлөргө орто мек­тептердин 11 жылдык окуу мөөнөтүнө толук өтүүсүн, орто, атайын орто ж-а жогорку окуу жайларынын менчик формасынын, тиби ж-а мазмунунун, о. эле окуу программаларынын көп түрдүүлүгүн (варианттуулугун), окуу жайлары­нын жаңы муундагы компьютерлер м-н жабды­лып, дүйнөлүк информ. системага кирүүсүн, жаңы муундагы окуу китептеринин пайда болу­шун, окуучулардын ж-а студенттердин чет өлкө­лөрдө, чет өлкөлүктөрдүн Кырг-нда окуу мүм­күнчүлүгүнө ээ болушун, эларалык уюмдардын программаларынын Кырг-ндагы окуу жайлары­на кириши аркылуу дүйнөлүк билим берүү сис­темасына интеграцияланууну ж. б. кошууга бо­лот. 1996-ж. кабыл алынган улуттук «Билим» программасы да бул процессти турукташтыруу­га арналган. Өлкөдөгү саясий-экон. өзгөрүүлөр билим берүүнүн максаттарын кайра карап чы­гуу милдетин койду. Билим берүү тармагынын | ||
өтүүсүн, орто, атайын орто ж-а жогорку окуу жайларынын менчик формасынын, тиби ж-а мазмунунун, о. эле окуу программаларынын көп түрдүүлүгүн (варианттуулугун), окуу жайлары­нын жаңы муундагы компьютерлер м-н жабды­лып, дүйнөлүк информ. системага кирүүсүн, жаңы муундагы окуу китептеринин пайда болу­шун, окуучулардын ж-а студенттердин чет өлкө­лөрдө, чет өлкөлүктөрдүн Кырг-нда окуу мүм­күнчүлүгүнө ээ болушун, эларалык уюмдардын программаларынын Кырг-ндагы окуу жайлары­на кириши аркылуу дүйнөлүк билим берүү сис­темасына интеграцияланууну ж. б. кошууга бо­лот. 1996-ж. кабыл алынган улуттук «Билим» программасы да бул процессти турукташтыруу­га арналган. Өлкөдөгү саясий-экон. өзгөрүүлөр билим берүүнүн максаттарын кайра карап чы­гуу милдетин койду. Билим берүү тармагынын | |||
өнүгүү багыты 2025-жылга чейинки КРдин «Би­лим берүү боюнча мамлекеттик доктринасын­да», КРдин «2010-жылга чейинки өнүгүүсүнүн комплекстүү негиздеринин стратегиялык про­граммасында» белгиленип, аны ишке ашыруу жолдору Кыргыз өкмөтүнүн 2001-ж. март айын­да бекитилген КРдин «2010-жылга чейин би­л им берүүнү ө нүк т үрүү к онцепци я сында» көрсөтүлгөн. Реформанын негизги максаты – | өнүгүү багыты 2025-жылга чейинки КРдин «Би­лим берүү боюнча мамлекеттик доктринасын­да», КРдин «2010-жылга чейинки өнүгүүсүнүн комплекстүү негиздеринин стратегиялык про­граммасында» белгиленип, аны ишке ашыруу жолдору Кыргыз өкмөтүнүн 2001-ж. март айын­да бекитилген КРдин «2010-жылга чейин би­л им берүүнү ө нүк т үрүү к онцепци я сында» көрсөтүлгөн. Реформанын негизги максаты – | ||
өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн ж-а экон. өсүшүн, | өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн ж-а экон. өсүшүн, | ||
11 сап: | 10 сап: | ||
<p align='right'>''Ч. Тилекбаев.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | <p align='right'>''Ч. Тилекбаев.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
09:41, 7 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ – билим берүү системасындагы олуттуу өзгөрүүлөр. Азыркы мезгилде анын укуктук ж-а нормативдик негизи болуп «Билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы», «Билим берүү жөнүндө» мыйзам (2004) эсептелет. Эгемендүүлүк жылдарындагы билим берүү системасындагы негизги өзгөрүүлөргө орто мектептердин 11 жылдык окуу мөөнөтүнө толук өтүүсүн, орто, атайын орто ж-а жогорку окуу жайларынын менчик формасынын, тиби ж-а мазмунунун, о. эле окуу программаларынын көп түрдүүлүгүн (варианттуулугун), окуу жайларынын жаңы муундагы компьютерлер м-н жабдылып, дүйнөлүк информ. системага кирүүсүн, жаңы муундагы окуу китептеринин пайда болушун, окуучулардын ж-а студенттердин чет өлкөлөрдө, чет өлкөлүктөрдүн Кырг-нда окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун, эларалык уюмдардын программаларынын Кырг-ндагы окуу жайларына кириши аркылуу дүйнөлүк билим берүү системасына интеграцияланууну ж. б. кошууга болот. 1996-ж. кабыл алынган улуттук «Билим» программасы да бул процессти турукташтырууга арналган. Өлкөдөгү саясий-экон. өзгөрүүлөр билим берүүнүн максаттарын кайра карап чыгуу милдетин койду. Билим берүү тармагынын өнүгүү багыты 2025-жылга чейинки КРдин «Билим берүү боюнча мамлекеттик доктринасында», КРдин «2010-жылга чейинки өнүгүүсүнүн комплекстүү негиздеринин стратегиялык программасында» белгиленип, аны ишке ашыруу жолдору Кыргыз өкмөтүнүн 2001-ж. март айында бекитилген КРдин «2010-жылга чейин бил им берүүнү ө нүк т үрүү к онцепци я сында» көрсөтүлгөн. Реформанын негизги максаты – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн ж-а экон. өсүшүн, адам ресурсунун коомдук өзгөрүүлөргө ылайык өркүндөшүн ж-а инсандын билимге болгон талабын канааттандырууну шарттаган эффективдүү билим берүү системасын түзүү. Муну жүзөгө ашыруда төмөндөгү артыкчылыктуу маселелерди чечүү талап кылынат: билим берүүнү башкаруунун натыйжалуу коомдук-мамл. системасын түзүү; билим сапатын гарантиялаган ийкемдүү механизмдерди түзүү – бардык деңгээлде сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүн-
чүлүктү шарттаган мамл. гарантияны камсыз кылуу; билим берүү кызматын эксперттоого шарт түзүү. Б. б. р-нын негизги багыттары: мектепке чейинки билим ж-а тарбия берүүнү пропагандалоо ж-а мектепке чейинки тарбиялоо мекемелеринин билим берүү мазмунун, стандарттарын кайра карап чыгуу; билим берүү мекемелерин лицензиялоо ж-а аттестациялоо системасын өркүндөтүү ж-а улуттук тест жүргүзүү системасын киргизүү аркылуу билим сапатын гарантиялоону бекемдөө ж-а агартуу мекемелеринин ишмердигин баалоо механизмдерин күчөтүү; көзкаранды эмес тест жүргүзүү кызматын уюштуруу; Кырг-ндын билим берүү системасын бүткүл дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо; башкаруунун мамл.-коомдук органы катары билим берүү мекемелеринде «Камкорчулар кеңешин» түзүү; эмгек рыногун изилдөө аркылуу билим берүү саясатын жөнгө салуу; рынок мамилелерин өнүктүрүү, мамл. каражатты пайдалануунун эффективдүүлүгүн арттыруу ж-а билим берүү мекемелерин финансылоо аркылуу экон. мамилелерди турукташтыруу ж-а
өнүктүрүү ж. б.
Ч. Тилекбаев.