БИОГЕНЕЗ ЗАКОНУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИОГЕНЕЗДИК ЗА́КОНУ – организмдин фило­генези м-н онтогенезинин ортосундагы байла­ныштарды жалпылоочу эмпирикалык корутун­ду; организмдин жеке өөрчүү (онтогенез) процес­синде бул түрдүн эволюциясынын (филогенез) кыска ж-а ылдам кайталанышы. Филогенездин негизги этаптары онтогенезде кайталанат. Мис., адамдын эмбриондук өнүгүшү эволюциянын бар­дык баскычтарын басып өтөт. Аны 1866-ж. Э. Геккель ачкан. Бирок, филогенез м-н онтоге­нездин өзара байланышы ж-дөгү проблема Ч. Дарвиндин эвол. илиминде кеңири изилденген. Бул законго каршы чыккандар аны механизм, витализм көзкарашында түшүндүрүп, биротоло танууга чейин барышкан. Ал эми дарвинчилер анын мазмунун тереңдетип, кээ бир өксүк жак­тарын түзөтүүгө аракет кылышкан. А. Н. Се­верцовдун филэмбриогенез теориясында гана чыныгы ил. түшүнүк берилген. Сов. илимпоз И. И. Шмальгаузендин концепциясы организм­дин өнүгүү тарыхын анын жекече өнүгүшү м-н кошо карайт. Бул болсо Б. з-ду тереңирээк билүүгө түрткү берген. Эмбриологияда, салыш­тырмалуу анатомияда ж-а палеонтологияда эвол. изилдөөлөр үчүн бул закондун мааниси чоң. Б. з. жөнөкөйдөн татаалга карай сапаттуу өнүгүү мыйзамдарынын ж-а эвол. теориянын та­бигый-ил. негизи бар экенин ырастады.

Ад.: Кайданов Л. З. Генетика популяций. М., 1996; Шварц С. С. Экологические закономерности эволюции. М., 1980.

Г. Шаршеналиева.