БИОГЕОСФЕРА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИОГЕОСФЕ́РА (био..., гео..., ...сфера) – Жер­шарынын организмдер топтолгон кабыгы; ли­тосферанын, атмосферанын жер бетине жакын жайгашкан бөлүктөрүн камтыйт. Б. биосфера­га караганда тарыраак түшүнүк. Б. – Жердин адам баласынын жашоосу ж-а тиричилиги үчүн ылайыктуу катмары. Терминди 1956-ж. орус гео­графы Ю. К. Ефремов киргизген. Б-нын айрым синонимдери – тиричилик кабыгы (В. И. Вер­надский), биогеоценоз катмары (В. Н. Сука­чев), фитогеосфера (Е. М. Лавренко), эпигенема (И. Р. Аболин), витасфера (А. Н. Тютюканов ж-а В. Д. Александров) ж. б.