БИОГЕОЦЕНОЗ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИОГЕОЦЕНО́З (био…, гео… ж-а гр. koinos – жалпы) – зат алмашуусу ж-а энергиялары өзара байланышкан, бири-бирине ыңгайлуу шарт тү­зүүчү жандуу организмдердин (биоцекоз) ж-а


жансыз компоненттер жыйындысы. Аларга ав­тротрофтуу (фотосинтездөөчү өсүмдүктөр, хемо­синтездөөчү микроорганизмдер) ж-а гетеротроф­туу (жаныбарлар, козугарындар, бактериялар, вирустар) организмдер ж-а аларды курчап тур­ган рельеф, тоотектер, гидрол. шарттар, газ ж-а жылуулук ресурстары м-н атм-нын жерге жа­кын катмары, күн энергиясы, жер кыртышы ж. б. кирет. Б. түшүнүгүн орус окумуштуусу В. Н. Сукачев киргизген (1940). Б-дун жараты­лыштагы заттардын айланышында чоң маани­си бар.